КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА 10 КЫРГЫЗСТАНДЫК КАБЫЛ АЛЫНДЫ

  • 06.07.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын 10 жараны 2023-2024-окуу жылына карата ШКУнун Стипендия программасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Жогорку окуу жайларына кабыл алынган.

КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА 10 КЫРГЫЗСТАНДЫК КАБЫЛ АЛЫНДЫ

Кыргыз стипендиаттарынын тизмеси:

  1. Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Елизавета Енова,
  2. Шанхай эл аралык изилдөөлөр университети – Нуркыз Кенжетаева,
  3. Тяньцзинь университети – Ренат Касымакунов,
  4. Пекин тил жана маданият университети – Бегимай Садиева,
  5. Фудань университети — Сажида Расулова,
  6. Фудань университети — Наира Мамыралиева,
  7. Пекин тил жана маданият университети – Айдана Болотбекова,
  8. Чыгыш Кытай илим жана технология университети – Мээрим Нурланбек кызы,
  9. Тяньцзинь педагогикалык университети – Мираида Даниярова,
  10. Пекин чет тилдер университети – Албина Абазова.

Эскерте кетсек, 4-июлда Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвень билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевге Кытайдын жогорку окуу жайларына өткөн 10 кыргызстандык стипендиаттын тизмесин тапшырган.

Бөлүшүү

Комментарийлер