КЫТАЙДЫН МЕДИА БОРБОРУ МЕНЕН «КУТ БИЛИМ» КЫЗМАТТАШАТ

  • 25.04.2023
  • 0

«Кут Билим» медиа борборунда Кытайдын Европа жана Азияга берүүлөрдү уюштуруу борборунун делегациясын кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк.

КЫТАЙДЫН МЕДИА БОРБОРУ МЕНЕН «КУТ БИЛИМ» КЫЗМАТТАШАТ

Аталган борбордун жетекчиси Цзян Юнган Кыргызстандын медиа уюмдары менен кызматташуунун эки элдин ортосундагы алаканы жана ишенимди чындоо үчүн мааниси чоң экенин билдирди.

«Кут Билим» медиа борборунун директору Кубат Чекиров өз кезегинде кытай тараптын кызматташтык сунушун колдоого алып,  өзү жетектеген медиа борбордун ишмердигин айтып берди.

Кытайдын Европа жана Азияга берүүлөрдү уюштуруу борбору өткөн жылы мурдагы «Жэньминь хуабао» басмасынын базасында уюшулган. Бул медиа уюм Борбордук жана Чыгыш Европага, Борбор Азияга жана Түштүк Азияга ошол элдердин тилинде маалымат жеткирүүгө адистешкен.

«Жэньминь хуабао», China Pictorial, «Кытай менен Индиянын диалогу», «Кытай», «Жибек жолу» сыяктуу журналдарды кытай, англис, орус, казак тилдеринде чыгарат. Ошондой эле социалдык тармакта ар кандай тилдерде мультимедиалык контент таркатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер