КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ

  • 08.10.2022
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси жана БААУнун Инновациялык колледжи “Илимдеги кыздар” долбоору үч жылдан бери ишке ашып келатат. Бул жолу ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен бирге “Кыргызстандын кыздарынын заманы” аттуу уюштурган иш-чарада долбоордун иштерин, ийгиликтерин 250дөн ашуун кыздарга көрсөтүп, мастер-класс өткөрүштү.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ
Иш-чарага жаңы эле кызмат орунга дайындалган билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов келип, кыздарды 11-октябрь – эл аралык кыздар күнү менен куттуктады. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун “Илимдеги кыздар” долбоору 2020-жылдан бери Бишкек, Ош шаарларында, Кара-Суу районунда жана Чүй облусунда ишке ашырылып жатканын белгиледи.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ
— Долбоордун негизги максаты – өспүрүм кыздарды илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана кантип тандап, кандай жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп-үйрөтүүнү көздөйт. Эгерде биз өнүгөбүз, өсөбүз, дүйнө менен интеграция болобуз десек билим берүү негизги өзөктү түзүшү зарыл. Бүгүнкү кыздардын талабы эртеңки жашоодогу жөндөмдөрү башкача болушу керек. Анткени коом өзгөрүп жатат. Биз эртеңки күнү балдарга кандай илимдер керек болсо, ошого окутуубуз зарыл. Өзгөчө тил үйрөнгүлө, — деди министр.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ
“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фондунун “Илимдеги кыздар” долбоорунун координатору Роза Кайыкованын айтымында, үч өнөктөштүн күчү менен , т.а. “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонлду, Балдарды коргоо борбору жана БААУнун Инновациялык колледжи кыздардын эл аралык күнүнө карата А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада уюштурулган иш-чарада ар бир өнөктөш өзүнүн аткарган иштери боюнча кыздарга көргөзмө уюштуруп, иштеринин ийгиликтерин көрсөтүштү.

КЫРГЫЗСТАНДЫН КЫЗДАРЫНЫН ЗАМАНЫ
— Менторлор, долбоордун кыздары келгендердин суроолоруна жооп берип, технологиясын айтып берип жатышат. Иш-чаранын деңгээлин жаңы эле кызматка бекиген билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакунов биздин уюштурган ишибизге чоң маани берип, ар бир кыздардын жасаган иштерин кунт коюп көрүп, угуп, куттуктоо сөзүн айтып кеткени кыздарды ого бетер табигый илимдерге, окуганга шыктандырды. Бардык өнөктөштөрдүн атынан министр Улан Эсенбековичке терең ыраазычылык билдиребиз, — деди Р.Кайыкова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер