КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕР ЯПОНИЯДА АКЫСЫЗ ОКУУДАН ӨТӨ АЛАТ

  • 12.02.2020
  • 0

Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катыша алышат.

Программа “Жаш окутуучулар үчүн” деп аталат.

Талаптар: 

  • 35 жаштан жогору эмес;
  • жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйба.

Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаждар Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышат.

Талапкерлер билдирме-анкетаны 2020-жылдын 28-февралына чейин (жума күнү) Япония элчилигине бериши керек. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 16.

Талапкерлерди тандоо эки этап менен өтөт:

Жазуу жүзүндөгү тест — 2020-жылдын 4-марты.

Маектешүү — 2020-жылдын 11-марты.

Эки сынак тең Адамзатты өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунда өтөт.

(Дареги:  Бишкек шаары, Турусбеков 109, Ж. Баласагын атындагы КУУ, 7- корпус, 2-кабат).

Жогорку окуу жайлардын окутуучулары бул программага катыша албайт.

Кенен маалымат жана керектүү документтерди шилтемеден таба аласыз

https://www.kg.emb-japan.go.jp/itpr_ru/education_ru.html

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер