КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМДЕР КОРЕЯДА САНАРИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАСЫН ҮЙРӨНҮШТҮ
- 22.05.2026
- 0
2026-жылдын 13–19-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башчысы Мелисбек Музулманов, аталган башкармалыктын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматильдеев жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 20 информатика мугалими Корея Республикасында өткөн санариптик окутууну жакшыртуу боюнча кореялык кызматташтык программасына (KLIC) катышып келишти.

Программа Корея Республикасынын Сеул шаарында жана Чхунчхон-Пукто провинциясында өтүп, анын негизги максаты мугалимдердин санариптик компетенцияларын өнүктүрүү, билим берүүдө заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуу жана санариптик сабаттуулукту жогорулатуу болду.
Окутуунун жүрүшүндө катышуучулар физикалык эсептөө технологиялары, сенсордук системалар, робототехника, санариптик платформалар аркылуу сабак уюштуруу жана санариптик баалоо-мониторинг жүргүзүү боюнча практикалык билим алышты. Ошондой эле Кореянын мектептериндеги инновациялык STEM-лабораториялар жана санариптик окутуу чөйрөсү менен таанышышты.
Бүгүнкү күндө санариптик технологиялар билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгүнө айланып, мугалимден жаңы көндүмдөрдү жана заманбап окутуу ыкмаларын талап кылууда. Ушул өңүттөн алганда, санариптик окутууну жакшыртуу боюнча кореялык кызматташтык программасы (KLIC) кыргызстандык мугалимдер үчүн эл аралык деңгээлдеги тажрыйбаны өздөштүрүүгө маанилүү мүмкүнчүлүк түздү.

2026-жылдын 20-майында катышуучуларды Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева тосуп алып, министрликте жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда мугалимдер Кореяда алган тажрыйбалары менен бөлүшүп, санариптик билим берүүнү Кыргызстандагы мектептерде өнүктүрүү боюнча пикир алышты.
Комментарийлер