КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА II ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

  • 07.10.2022
  • 0

Чүй облусунун И.Айдарбеков атындагы №1 Лебединовка мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Медведева Марина Витальевна “Мугалим” номинациясында II даражадагы диплом менен сыйланды.

КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА II ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ КЫРГЫЗСТАНДЫК МУГАЛИМ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛДА II ОРУНГА ЭЭ БОЛДУ

Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандан келген билим берүү жаатында эмгектенген катышуучулар өздөрүнүн автордук методикасын жана сабактын планын көрсөтүштү.  Жеңүүчүлөр сырттан жана кадимки катышуу баскычтарынын жыйынтыгы боюнча аныкталды.

Сыйлоо КМШга мүчө-мамлекеттердин Билим берүү тармагындагы кызматташтык кеңеши тарабынан өткөрүлүп жаткан “Заманбап билим берүү системасы – келечекке көз чаптыруу” II Эл аралык педагогикалык чеберчилик фестивалынын алкагында өттү. КМШга мүчө-мамлекеттердин билим берүү министрлеринин конференциясынын чечими менен съезддер эки жылда бир өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер