КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ  АККРЕДИТАЦИЯ БОЮНЧА ОКУТУУЧУЛАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ ТАЛКУУЛАНАТ

  • 11.06.2020
  • 0

Онлайн Университеттин Педагогика лабораториясы 11-июнда саат 15.00дө «Кыргызстандагы педагогикалык программалардын көз каранды эмес аккредитациясы боюнча окутуучулардын көз карашы» аттуу вебинар өткөрөт.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ  АККРЕДИТАЦИЯ БОЮНЧА ОКУТУУЧУЛАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ ТАЛКУУЛАНАТ

Вебинарда Чынаркүл Рыскулова ушул маселе боюнча жактаган докторлук диссертациясынын негизинде окутуучулардын аккредитацияны туура же туура эмес кабыл алууга таасирин тийгизген факторлору, аккредитация окутуучулардын ишине жана жашоосуна кандай өзгөрүүлөрдү алып келгендиги тууралуу сөз кылат. Кыргызстан менен АКШдагы аккредитациянын айырмачылыктарын салыштырууга көңүл бөлүнөт.

Вебинардын спикери Рыскулова Чынаркүл Борбордук Азиядагы Америка университетинин доценти, жалпы билим берүү программалары  багытынын жетекчилеринин бири, 2019-жылы Кент Стейт университетинде (АКШ) жогорку билим берүүнү башкаруу адистиги боюнча “Кыргызстанда педагогикалык программалардын көз каранды эмес аккредитациясы боюнча окутуучулардын көз карашы” деген темада докторлук диссертациясын жактап, PhD даражасын алган.

Ал 2019-жылы АКШдагы Кент Стейт Университетинде жогорку билим берүүнү башкаруу адистиги боюнча PhD, илимий даражасын алган.

Эл аралык илимий журналдарда сегиз макаласы жарыяланган. Эки китептин автору.

Белгилей кетсек, Онлайн университети учурда илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келатат. Онлайн Университетинин курамын Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары, адистери түзүшөт.

Вебинардын шилтемеси: https://zoom.us/j/92345750783?pwd=dE9lUE8wVDh5ZzJncHVIaDdkdGZYZz09

Каалоочулар бул адрес менен катышыңыздар: ZOOM вебинардын идентификатору: 923 4575 0783

Паролу: 657092

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчасы: https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

Инстаграм: onlineuniversity.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер