Кыргызстанда STEAM жана инклюзивдүү билим берүү боюнча тренерлер даярдалууда
- 01.10.2025
- 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 30-сентябрдан 2-октябрга чейин «EU Twinning: Инклюзивдүү жана STEAM билим берүүнү илгерилетүү» долбоорунун алкагында тренерлерди даярдоо боюнча чакан форматтагы тренинг өтүүдө.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Литва Республикасынын Билим берүү, илим жана спорт министрлигинин кызматташтыгынын негизинде, Европа Биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Тренингдин негизги максаты – өлкөдө инклюзивдүү жана STEAM (Илим, Технология, Инженерия, Искусство жана Математика) багыттарында билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган улуттук деңгээлдеги тренерлердин базасын түзүү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун адистери жана И. Арабаев атындагы КМУнун улуттук эксперттери катышууда.
Тренинг учурунда катышуучулар европалык тажрыйбалар менен таанышып, инклюзивдүү жана STEAM билим берүүдө колдонулуучу заманбап ыкмаларды өздөштүрүп жатышат. Бул аракеттер келечекте региондордо билим берүү сапатын жогорулатууга жана мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп күтүлүүдө.
(БК)


Комментарийлер