КЫРГЫЗСТАНДА АЛГАЧКЫ ИРЕТ ГЕОГРАФИЯЛЫК КӨРСӨТМӨ БОЮНЧА ТОВАР КАТТАЛАТ

  • 29.10.2024
  • 0

Кыргызпатент Арстанбап жапайы жаңгагын географиялык көрсөтмө катары каттайт. Басма сөз кызматы маалымдагандай, бул тууралуу өтүнмө “Артсанбап жапайы жаңгагы” географиялык көрсөтмөсүн башкаруу Ассоциациясы тарабынан берилүүдө.

Географиялык көрсөтмө боюнча товар каттоо — Арстанбап жаңгагы деген бренд дүйнөгө тарайт дегенди билдирет, тагыраак айтканда, географиялык көрсөтмө — жердин же аймактын өзгөчөлүгүнө жараша тамак-аштын же товардын өзгөчөлүгүн, касиетин баалоо.

Кыргызстанда географиялык көрсөтмө катары катталуучу Өзгөн күрүчү, Токтогул балы, Баткен өрүгү сыяктуу товарлар көп.

2023-жылдын 24-мартында № 70 «Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жердин аталыштары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынып, ушул мыйзамдын негизинде жаңы объект “географиялык көрсөтмө” ишке кирген.

Эскерте кетсек, регионалдык бренддерди колдоо максатында 2024-жылдын 26-апрелинде Президенттин Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнү колдоо максатында өз ара аракеттенүү жөнүндөгү” эки тараптуу макулдашууга кол коюлуп, Кыргызпатенттин кызматкерлери облустарда интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого өтүнмө берүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишкен.

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер