«АРУУ КЫЗ – ҮЙДҮН КУТУ, БИЛИМДҮҮ КЫЗ – ЭЛДИН ҮМҮТҮ»
- 07.11.2026
- 0
Улуттук баалуулуктарды сактоо, улуттук нарк-насилди жайылтуу жана кыздардын коомдогу ордун жогорулатуу максатында Ат-Башы айыл аймагынын мектептеринин 9-10-11-класстарынын кыздары үчүн масштабдуу тарбиялык иш-чара өттү.

Бул демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужолу Жарлыгынын алкагында өткөрүлгөн «Ат-Башынын кыздары — бийиктик, биримдик, өнүгүү» форумунда кабыл алынган «Айымдардын улуттук нарк-насилин сактоо» резолюциясынын милдеттерин ишке ашыруу алкагында уюштурулду. Аталган иш-чараны Нарын облустук аялдар кеңеши жана Ат-Башы айыл өкмөтү уюштурду.
Иш-чаранын негизги максаты — кыздарды адептүүлүккө, ыймандуулукка жана улуттук каада-салттарды урматтоого тарбиялоо; өзүн-өзү өнүктүрүүгө, билимге умтулууга жана келечекке жоопкерчилик менен кароого багыт берүү; зордук-зомбулуктун, укук бузуулардын жана терс көрүнүштөрдүн алдын алуу.
Катышуучуларга таасирдүү баяндамалар окулуп жана презентациялар көрсөтүлдү. Алсак,
Гүлжамал Кулумбаева (КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тележурналист) — «Кызга кырк үйдөн тыюу» — кыргыз элинин кыз тарбиялоодогу улуттук салт-санаасы, адеп-ахлак эрежелери;
Жамиля Сабитакунова (тектаанучу-психолог) — «Туура тандоо — жаркын келечектин кепилдиги: ар-намысты сактоо жана өзүн сыйлоо маданияты» боюнча кызыктуу презентациясын тартууласа, “Чет өлкөдө билим алуу — дүйнөгө ачылган эшик” (Кембридж университетинин бүтүрүүчүсү Н. Ногойбаевдин кеп-кеңештери) баяндамасы ар бир окуучунун бүйүрүн кызытты.
Иш-чарада төмөнкү маанилүү багыттар кеңири талкууланды:
Чыныгы достук жана чөйрө тандоо — достуктун мааниси жана жоопкерчилик.
Зомбулуксуз жашоо – коопсуз келечек — коргонуу жолдору жана алдын алуу чаралары.
Социалдык тармактагы маданият — интернетти туура пайдалануу жана санариптик коопсуздук.
Билим жана кесип тандоо — келечекке максат коюу.





Иш-чаранын соңунда кыздарга коноктор насааттарын айтып, катышуучулар «Менин максатым, менин убадам, келечегим» аттуу рубриканын алкагында өз максаттарын кагазга жазышты.
Жыйынтыгында Ырыс Мөндүрбаева иш-чараны «Кыздын көркү – адепте, келечектин көркү – билимде» деген ураан менен жыйынтыктады.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”