КЫРГЫЗСТАН ЖАКШЫ ЖАБДЫЛГАН, ЖАҢЫ МЕКТЕПТЕРГЕ МУКТАЖ

  • 05.09.2019
  • 0

Нарын облусунун Кеңеш айылындагы контейнер мектеп тууралуу соцтармактардагы адилет сын-пикирлерге карабастан, акыркы жылдары мектеп курулушуна өлкөбүздө өзгөчө маани берилип жатат.

Жакында Өкмөт Нарын облусунун Кеңеш айылында орто мектеп куруу маселесин карап чыгып, бул мектептин курулушу боюнча долбоордук-сметалык иш-кагаздары даяр экени эске алынып, 150 орундуу мектептин курулушуна тендер жарыяланып,  2020-жылдын планына киргизилгенин кабарлады.

Өкмөт Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, акыркы үч жылда тоолуу өлкөбүздө 229 мектеп жана 16 бала бакча курулган. 2016-жылдан 2019-жылга чейин 220 жалпы билим берүүчү мектеп жана 16 бала бакча курулуп, дагы 34 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен 2016-жылы 28 мектеп жана 1 бала бакча, 2017-жылы – 46 мектеп жана 6 бала бакча, 2018-жылы – 68 мектеп жана 6 бала бакча, 2019-жылы – 38 мектеп жана 3 бала бакча курулган. Жергиликтүү бюджеттин жана тартылган кошумча каражаттардын эсебинен жалпы билим берүүчү мекемелер курулуп жана оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.«Капиталдык салым» беренеси боюнча каржыланган обьекттердин тизмесине ылайык, 2019-жылы 2 млрд 133 млн сом бөлүү каралган.

2019-жылдын 1-сентябрына карата 14 мектептин курулушу аяктап, дагы 27 мектеп жыл аягына чейин курулуп бүтмөкчү.

2019-жылдын аягына чейин Өкмөт тарабынан жалпысынан 64 обьекттин курулушун аяктоо пландалууда, анын ичинде 41 мектеп жана алардын спорт залдары, үч бала бакча, алты спорт зал жана комплекстер, алты саламаттык сактоо жана бир катар башка обьекттер бар. Мындан тышкары 33 социалдык обьектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө, анын ичинде 15 мектеп, беш саламаттык сактоо обьекти жана бир нече башка обүект бар.

Быйылкы окуу жылынын башталышында Чүй облусунда – 3, Баткен болусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ош облусунда -6, жалпысынан алганда республика боюнча 15 жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Алардын курулушуна Финансы министрлиги 941,9 млн. сом бөлүп берген.

Кыргыз Республикасынын премьер-министри  Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Москва районундагы Мукаре айылындагы жана Панфилов районундагы Бухара айылындагы мектептердин ачылыш салтанатына катышып, быйылкы окуу жылында өлкө боюнча 15 жаңы мектеп пайдаланууга берилгенин, 111 билим берүү обьектиси курулуп жатканын, жыл аягына чейин дагы 72 мектеп куруларын айтты.

Жогорудагы жаңы мектептердин ачылышына катышкан Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев мектеп окуучуларын, мугалимдер жамаатын жана ата-энелерди Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктады.

«Келерки жылы мектепти аяктай турган жогорку класстын окуучуларына кайрылгым келет. Силер кесип тандоого олуттуу мамиле кылышыңар керек. Анткени бул силердин келечек жашооңорду аныктай турган маанилүү кадам. Адис болуш үчүн силер кадырына карабастан, эмгек рыногунун реалдуу талаптарына көңүл буруп, техникалык адистиктерге маани берсеңер болот», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Айта кетсек, буга чейин Мантыш айылындагы эски мектеп авариялык деп таанылып, балдар коңшу айылда окуганга мажбур болушкан. 1994-жылы мектеп имараты жараксыз деген тыянак чыгарылганына карабастан, анда окутуу улантылган. Жаңы имараттын курулушуна 50 млн сом бөлүнгөн.

“Бул мамлекет билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын айтып турат. Буга жыл сайын 30 млрд. сомдун тегерегинде жумшалат. Республика боюнча мектептер курулуп, оңдолуп жатат”, — деди Өкмөт башчысы.

Эксперттердин айтуусунда  Кыргызстанда мектеп курулушу 4 негизги каржылык булактардын эсебинен жүрүүдө. Басымдуу бөлүгү Өкмөттүн эсебинен планга ылайык жүрсө, арасында корррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчага курулгандары, жергиликтүү бюджеттен каржылангандары, донорлор, демөөрчүлөр куруп жаткандары да бар.

«Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет», — деп айтты Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  2-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан» жалпы билим берүүчү мектебинин ачылышында.

“Россия менен бизди өзгөчө ишенимдүү мамилелер байланыштырып турат. Ал мамилелер тарыхый, салт болуп калган достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген. Россия биздин жакын досубуз, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Россия менен болгон байланыштарыбызды жогору баалайбыз», — деди мамлекет башчысы.

Ал Билим күнүндө ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди. Президент бул мектептин ачылышы Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен жемиштүү ишинин көрсөткүчү экенин  белгиледи.

3-сентябрда республикада дагы бир жаңы мектептин — Кочкор районунун Мантыш айылына караштуу Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган имаратынын ачылыш салтанаты болду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жиберген маалыматка караганда,  мектептин курулушу “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун жана аталган окуу мекемесине аты берилген Таалайбек Курткаевдин үй-бүлөсүнүн көмөгү менен жүргүзүлгөн. 280 орундуу мектеп бардык заманбап шарттар менен камсыздалган. Учурда жайкы спорттук комплекси да салынууда.

Мектептин ачылышында сөз сүйлөгөн төрага Дастанбек Жумабеков билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө көрсөтүлгөн көмөк, өлкөнүн жаркын келечегине карата жасалган эң мыкты инвестиция экенине токтолду.

“Мектепке белгилүү ишмер Таалайбек Курткаевдин атынын берилиши кубанычтуу саамалык. Анткени, жакындан тааныган адам катары анын өз өлкөсүн сүйгөн, эмгекчил инсан экенине суктанчумун. Таалайбек Курткаевдин бирден-бир көздөгөн максаты өз кичи мекенин өнүктүрүп, социалдык көйгөйлөрүн чечүү эле. Бүгүн ишке берилип жаткан мектеп да ошол коюлган максаттардын үзүрү деп билем. Андыктан, ушул курулган заманбап мектептен жаш мекендештерибиз татыктуу таалим-тарбия алып, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничтемин”, – деди Төрага Дастанбек Жумабеков.

Мектепке алты компьютер белек кылган Дастанбек Жумабеков ал жерде иштеп жаткан агартуучуларга да ийгиликтерди каалады. Ошондой эле ушул жылдын октябрь айында мугалимдердин айлыгы 30%га көбөйтүлөрүн белгилеп, өлкөдө 126 миңдей агартуучу бар экенин жана алардын маянасын көтөрүүгө 6,5 млрд сомдой акча каражаты каралганын кошумчалады.

А. Алибеков, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер