КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН РОССИЯНЫН ЭРИШ-АРКАК ЖЫЛЫНЫН АЧЫЛЫШЫ ЭКИ ӨЛКӨНҮН МАМЛЕКЕТ БАШЧЫЛАРЫНЫН КАТЫШУУСУНДА 27-ФЕВРАЛДА МОСКВАДА ӨТӨТ

  • 26.02.2020
  • 0

«Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи эртең, 27-февралда Москва шаарында (Россия) Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтөт», — деп билдирди Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.

Жалпысынан Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө.

Эриш-аркак жылынын ачылыш аземи Мамлекеттик Кремль сарайында өтөт.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстан менен Россиянын чыгармачыл коллективдеринин катышуусунда гала-концерттин өтүшү күтүлүүдө.

Данияр Сыдыков Эриш-аркак жылын өткөрүү жөнүндө макулдашууга 2019-жылы Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилгендигин эске салды.

Бул мамлекеттик сапардын алкагында жалпысынан 6 млрд АКШ доллардан ашуун суммага 50дөн ашык документке кол коюлуп, алар бүгүнкү күндө ишке ашырылууда.

Ал Президент Сооронбай Жээнбековдун 27-28-февралдагы Россияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Россия Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу күтүлүп жатканын белгиледи.

Мындан сырткары, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Федерациясынын Коопсуздук кеңешинин төрагасын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландалган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Бөлүшүү

Комментарийлер