КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

  • 12.06.2019
  • 0

Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүү мектеп-интернатына кытай элинин атынан ККП БКнын Пропаганда бөлүмүнүн министринин туруктуу орун басары Ван Сяохуэй он компьютер жана окуучулар көтөрүү үчүн 800 китеп баштыкты белекке тапшырды. Бул иш-чараны “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду уюштурду.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Иш-чарада Ван Сяохуэй жакынкы жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чогуу аракетинин натыйжасында эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өнөктөш катары ар тараптуу мамилелер түзүлүп, достук мамиле да өркүндөп жатканына токтолду.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

  • “Бир алкак — бир жол” долбоору эки өлкөнүн элине пайда алып келет деп ишенем. Келечекке коюлган пландын негизинде билим берүү турат. Улуттун келечеги билим берүүнүн өнүгүүсүнө байланыштуу. Жакшы тарбия —  бул адамдын чоң байлыгы. Биз баарыбыз балдардын келечеги үчүн аракет кылышыбыз керек. Биз кытай элинен кыргыз элине досчулук сезимди, жакшы каалоолорду алып келдик. Балдардын окуусуна ыңгайлуу шарт түзүлөт деген үмүттөбүз. Кыргызстандын билим берүүсүнүн өнүгүүсүнө кайрымдуулук иштерди илгерилетебиз. Мындай иш-чараларга өлкөнүн көптөгөн уюмдары жана көптөгөн адамдары катышып, балдардын келечегин жарык кылып берет деген үмүтүбүз бар. Бул мектепин өнүгүп-өсүүсүн каалаймын. Көптөгөн таланттарды, керектүү кадрларды тарбиялап чыгаруусуна тилектешмин. Окуучулардын билим жагынан күчтүү болуп чоңоюп, өлкөнүн таянаар инсандарынан болоорун каалаймын, — деди Ван Сяохуэй.
  • КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Андан соң сөздү “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева алып, кыргыз элинин тарыхы да, тагдыры дагы миң километрдик кошуна болгон кытай эли  менен бирге экенин баса белгиледи.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

  • Тарыхта ар дайым кызматташып, биригишип, бири-бирибизден үйрөнүп үлгү алып келгенбиз. Биздин балдарыбыз бизден мыкты болуп, ошол өнүгүп жаткан кытай элинин экономикасынан үйрөнүп, билимин таанып, эки элдин достугуна дагы бекем ынтымак кошот деп ойлойм. Ар бир окуучуга белекке берилген китеп баштык акыл баштык болуп, кандайдыр бир үлгү алып, өнүгүүгө карай багыт алабыз деп ишенебиз. Балдар жакшы окуп, билимдүү болушуңар керек. Анткени келе жаткан коом — бул билимдүүлөрдүн гана заманы болуп эсептелет. Мындан ары адам ресурсун өнүктүрүүдөгү гуманитардык билим берүү маданий баарлашууну улантууда кызматташтыгыбыз өнүгөт деп ишенем, — деди Догдуркүл Кендирбаева.

Ал эми мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев тарыхый, философиясы терең эл катары, дүйнөнү дүңгүрөтүп өнүктүрүп келе жаткан өлкө менен коңшу болгонубузга сыймыктанышыбыз керек экенин айтты.

  • Анткени дүйнөдө эмне деген жаңы инновация чыкса, эртеси биздин мамлекетте болуп жатат. Жалпы кытай элине ыраазычылык жана бизге көмөктөш көрсөткөн “Роза Отунбаеванын демилгеси“ эл аралык коомдук фонду 2260 мектептин арасынан биздин мектепти тандап, балдарга жакшы маанай тартуулаганыңарга чоң ыраазычылык билдиребиз, — деди мектеп жетекчиси.
  • КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ: БИЛИМ БЕРҮҮ – ЭКИ ӨЛКӨНҮН ДАНАКЕРИ

Иш-чаранын жыйынтыгында окуучулар  жүрөгүнөн чыккан өз колдору менен жасаган эмгектерин конокторго белек катары беришти. Андан соң таланттуу окуучулардан чакан концерттик программа тартууланды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер