КЫРГЫЗСТАН-КОРЕЯ: КЫЗМАТТАШУУНУН ЖАҢЫ БАГЫТТАРЫ
- 18.09.2026
- 0
14-сентябрда Сеул шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова менен Корея Республикасынын Премьер-министринин орун басары – илим жана маалымат-коммуникациялык технологиялар министри Пэ Гён Хундун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Анда тараптар илим, технологиялар жана инновациялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын, илимий уюмдарынын жана технологиялык компанияларынын ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Гульзат Исаматова Кыргызстандын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясынын кабыл алынгандыгына токтолуп, изилдөөлөрдү каржылоо, технологияларды трансферттөө жана коммерциялаштыруу боюнча Кореянын бай тажрыйбасын үйрөнүүгө өлкөбүз кызыкдар экендигин белгиледи.
Биргелешкен иштин келечектүү багыттары катары жасалма интеллект, космостук технологиялар жана спутниктен алынган маалыматтар, кайра жаралуучу энергетика, биотехнология, туруктуу айыл чарбасы жана азык-түлүк коопсуздугу аталды. Ошону менен бирге жаш окумуштуулардын академиялык мобилдүүлүгүнө, изилдөөчүлөр менен алмашууга, биргелешкен лабораторияларды түзүүгө жана пилоттук долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүнүн соңунда эки өлкөнүн тиешелүү министрликтери жана илимий уюмдарынын ортосунда системалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө негиз түзө турган Кыргызстан менен Кореянын ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну даярдоо жана кол коюу процессин аяктоо маселеси каралды.

