КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК ХИМИЯ ОЛИМПИАДАСЫНДА ЭКИ КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ
- 14.05.2025
- 0
Олимпиада Бразилиянын Белу-Оризонти шаарында өтүп, ага дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүнөн келген жүздөгөн мыкты окуучулар катышкан.
Олимпиадага Кыргызстандан төмөнкү окуучулар барып катышкан: Кахраманов Максатбек, Жапаров Эржан, Саматов Эрмек, Умхаева Мадина, Асылбекова Адия, Исаева Наима, Тешебаев Жасурбек. Аларды Исламбеков Азамат расмий түрдө коштоп барган.
Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык катышуучулар: Кахраманов Максатбек менен Жапаров Эржан коло медаль жеңип алышкан.
Бөлүшүү
Комментарийлер