КЫРГЫЗПАТЕНТ СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА «БҮГҮН ОКУРМАН – ЭРТЕҢ ЛИДЕР» ОКУРМАНДАР ТАЙМАШЫН ӨТКӨРДҮ

  • 14.12.2020
  • 0

12-декабрда Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”, “Мамлекеттик саясат жана башкаруу”, “Менеджмент” багыттары боюнча билим алган студенттердин арасында «Today а reader, tomorrow а leader» («Бүгүн окурман – эртең лидер») окурмандар таймашын өткөрдү.

Конкурстун жыйынтыгында жеңүүчүлөр деп төмөнкүлөр табылды:

1-орун – Майрамбек уулу Уран, “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын 1-курсунун студенти.

КЫРГЫЗПАТЕНТ СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА «БҮГҮН ОКУРМАН – ЭРТЕҢ ЛИДЕР» ОКУРМАНДАР ТАЙМАШЫН ӨТКӨРДҮ

2-орун – Аманатов Сыймык, “Менеджмент” багытынын 1-курсунун студенти.

КЫРГЫЗПАТЕНТ СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА «БҮГҮН ОКУРМАН – ЭРТЕҢ ЛИДЕР» ОКУРМАНДАР ТАЙМАШЫН ӨТКӨРДҮ

3-орун – Шералиева Интизар, “Мамлекеттик саясат жана башкаруу” багытынын 2-курсунун студенти.

КЫРГЫЗПАТЕНТ СТУДЕНТТЕР АРАСЫНДА «БҮГҮН ОКУРМАН – ЭРТЕҢ ЛИДЕР» ОКУРМАНДАР ТАЙМАШЫН ӨТКӨРДҮ

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн төмөнкү студенттер кызыктыруучу сыйлыктарга татыды: Медетбек кызы Гүлкайыр, Шайлобаева Айзада, Исакова Айгерим, Кадыркулов Абдысамат, Касымбеков Илим, Токторбекова Дильшат, Жанышбек уулу Чынгыз.
Конкурстун катышуучулары Роза Айтматованын Кыргызпатент тарабынан чыгарылган “Атам жөнүндө” эскерүү китебинин негизинде мамлекеттик ишмер Төрөкул Айтматовдун өмүрү жана ишмердиги жөнүндө билимдерин сынашты. Бул китеп Кыргызпатент тарабынан улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата чыгарылган.

Кыргызпатенттин төрайымы Динара Молдошеванын айтымында, Кыргызпатент жаштар арасында мындай иш алып баруу менен кыргыздын чыгаан уулдары – ата-бала Төрөкул Айтматов менен Чынгыз Айтматовдун мисалдарында келечектеги жетекчилерде жана саясатчыларда мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртүүнү калыптандырууга үмүттөнөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер