Кыргыз ЖОЖдору жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда 

  • 22.05.2026
  • 0

21–22-май күндөрү Астана шаарында Erasmus+ программасынын Регионалдык маалымат күнү жана «Жогорку билим берүүдө жасалма интеллект» аттуу эл аралык конференция өтүп, Борбор Азия жана Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн университеттеринин ректорлору жана өкүлдөрүн бириктирди.

Кыргыз ЖОЖдору жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда 

Иш-чарага Ош мамлекеттик университети,

Ала-Тоо эл аралык университети, Салымбеков университети,

Кыргызстан эл аралык университети жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өкүлдөрү жана ректорлору катышты.

Конференциянын алкагында бардык катышкан Кыргызстан университеттери менен С. Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык изилдөө университети ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу кол коюлду.

Кыргыз ЖОЖдору жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда 

Документ академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүүгө, биргелешкен билим берүү жана илимий долбоорлорду ишке ашырууга, окутуучулар жана студенттер арасында тажрыйба алмашууга, ошондой эле инновациялык демилгелерди колдоого багытталган.

Иш-чарада Erasmus+ программасы, эл аралык долбоорлорду башкаруу, университеттер аралык өнөктөштүк, билим берүүнү санариптештирүү жана жасалма интеллекттин жогорку билим берүүгө тийгизген таасири талкууланды.

Кыргыз ЖОЖдору жасалма интеллект боюнча эл аралык конференцияда 

Иш-чаранын уюштуруучулары — Казакстандагы Erasmus+ улуттук кеңсеси, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү министрлиги жана Европа комиссиясынын Билим берүү, маданият жана аудиовизуалдык маселелер боюнча аткаруучу агенттиги болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер