«Кыргыз жараны»: улуттук программанын долбоору талкууга коюлду
- 15.10.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында, «Кыргыз жараны» жарандык биримдикти өнүктүрүү боюнча улуттук программанын 2027–2030-жылдарга карата долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жайгаштырылды.
Программа жарандык биримдикти бекемдөөгө, жалпы жарандык өздүктү калыптандырууга, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакты өнүктүрүүгө жана коомдун социалдык биримдигин жогорулатууга багытталган.
Документ жалпы баалуулуктарга, теңчиликке, өз ара сыйлоого жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого негизделген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун аракеттерин бириктирүүнү карайт.
Коомдук талкуу кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алууга жана долбоорду коомдун актуалдуу муктаждыктарын эске алуу менен өркүндөтүүгө мүмкүндүк берет.