КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ» БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 26.11.2026

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин  гуманитардык-педагогикалык факультетинин базасында «Инклюзивдүү өнүгүү» борбору салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага университеттин жетекчилиги, факультет декандары, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.  КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ» БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Борбор өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдардын, анын ичинде аутизм спектринин өзгөчөлүктөрү бар балдардын өнүгүүсүнө, жеке жөндөмдөрүн калыптандырууга жана коомго аралашуусуна багытталган. Бул жерде балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жана кабыл алуу жөндөмүнө жараша жекече коррекциялык-өнүктүрүүчү сабактар өткөрүлөт. Анда баарлашуу, өз муктаждыктарын билдирүү жана күнүмдүк турмуштук көндүмдөрдү өздөштүрүүгө басым жасалат. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ» БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Борбордун ишмердүүлүгүндө ата-энелер менен кызматташууга да өзгөчө көңүл бурулат. Алар сабактарга катышуу аркылуу балдары менен үй шартында туура иштөөнүн ыкмаларын үйрөнүп, адистерден практикалык кеңештерди алышат. Мындан тышкары, борбор педагогика жана психология багытында билим алып жаткан студенттер үчүн практикалык база катары кызмат кылат. Болочок адистер тажрыйбалуу окутуучулардын жетекчилиги астында теориялык билимдерин практика менен айкалыштырып, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштөө көндүмдөрүн өркүндөтүшөт. КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ «ИНКЛЮЗИВДҮҮ ӨНҮГҮҮ» БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

«Инклюзивдүү өнүгүү» борборунун ачылышы университеттин билим берүү жана социалдык колдоо багытындагы ишмердүүлүгүн кеңейтүү менен катар, инклюзивдүү билим берүүнү өнүктүрүүгө жана ар бир бала үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү