КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ГРАММАТИКАСЫНДА ЖАКСЫЗ ЭТИШТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН АЛЫНБАЙ КАЛГАН?

  • 26.12.2017
  • 0

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ГРАММАТИКАСЫНДА ЖАКСЫЗ ЭТИШТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН АЛЫНБАЙ КАЛГАН?

Келдибай Алымкуловфизика-математика илимдеринин доктору, ОШМУнун профессору, КУИА нын кабарчы мүчөсү

 

Кыргыз элинин макал-лакаптарында жана акындары менен ырчыларынын ырларында, эпосторунда жаксыз этиштердин болгонуна карабай, кыргыз тилинин грамматикасында  жана сөздүктөрүндө жаксыз этиштердин жок болуп калышы өкүнүчтү гана туудурат.

 Кириш сөз

Бардык элдер үчүн так  жана түшүнүнүктүү жазылган тилдин грамматикасы чоң мааниге ээ. Немец жана франсуз тилдеринин грамматикалары 1350-жана 1539-жылдары негизделген. Инглиш грамматикасы 14-кылымдан тартып түзүлө баштаган жана 1474-жылы инглиш тилинде  биринчи китеп чыккан. Демек, бул элдерде алардын грамматикасы бекем негизделген.

Түрк грамматикасы 16-кылымдан баштап негизделе баштаган. 1530-жылы биринчи түрк тилинин грамматикасы жарыяланган. Биринчи орус грамматикасы М.Ломоносовдун авторлугунда 1755-жылы орус тилинде жарыяланган.

1804-жылы Казан университети ачылып, 1806-жылы өзүнүн басмаканасына ээ болгон жана анда Ибрагим Халфиндин авторлугунда “Татар тилинин грамматикасы жана азбукасы” басылып чыккан.

Кыргыздардын оозеки чыгармачылыгы өтө жогорку деңгээлде болуп, алар дүйнөдөгү эң көлөмдүү 500 000 саптан турган «Манас» эпосун жараткан жана ал ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын шедеврлеринин тизмесинде катталган. Гиннестин реккорддор китебине да кирген. Манас эпосу жөнүндөгү маалыматтар 16-кылымга таандык. Орто кылымдын башындагы Чыгыш түрктөрүнүн биринчилеринен болуп Орхон Энисей кыргыздары Рун алфавиттик жазуусун ойлоп табышкан жана колдонушкан.

Төмөнкү салыштыруулардан кийин көрүнүп тургандай, азыркы кыргыз тилинин грамматикасы татар жана казак тилдеринин таасири астында октябрь революциясынан кийин жазылгандыгы байкалып турат.

Жаксыз этиштер

Адамзаттын тили үчүн этиш негизги роль ойнойт. Себеби ал адамдын кыймыл аракетин билдирет. Башка элдердин тилдерин үйрөнүү үчүн биз сөздүктөрдү колдонобуз жана инглиш, немец, орус, түрк, өзбек, франсуз тилдеринде этиштер сөздүктө жаксыз этиш түрүндө биринчи берилет. Андыктан аны туура түшүнүү жана туюнтуу, башка тилдердеги этишке туура келүүсү — тилдерди үйрөнүүдө эң негизги ролду ойнойт. Жаксыз этиш жана герундий жөнүндөгү аныктоолор кыргыз тилинин грамматикасында жаксыз этиш эмне үчүн мыйзамсыз түрдө түшүп калганын түшүнүүгө жардам берет.

Жаксыз этиштер илгертен тартып азыркыга чейин  кыргыздардын оозеки чыгармасында жана акын-ырчылардын ырында, жазуучулардын чыгармаларында жашап келе жаткандыгына карабастан  кыргыз тилинин грамматикасында жана сөздүктөрүндө жаксыз этиштер   түшүп калган. Жаксыз этиш (инфинитив — неопределенный глагол) этиштин баштапкы формасы болсо да, алар кайдан пайда болушкан? Алар зат атооч жана этиштен түзүлүшү мүмкүн!

Маселен орус тилинде:

Зат атооч-игра дан, инфинитив-играть түзүлөт,

Этиш говори ден,  инфинитив-говорить түзүлөт .

Алар пайда болгондон кийин аларды алгачкы же жаксыз этиш деп айтышат. Себеби андан убакытты, санын, этиштин кимге таандык экенин билип болбойт жана андан этиштин башка түрлөрүн түзсө болот. Инфинитив Что делать, Что сделать деген суроолорго жооп берет. Алар -ть, -сть, -ти,- стичь суффикстери менен аяктайт.

Герундий

Герундий-кыймылды предмет катары көрсөтөт. Эмнени аткардың?- деген суроого жооп берет. Анда зат атоочтун жана этиштин белгилери болот.

Эми жаксыз этиштердин бир канча тилдердеги которулушун салыштырабыз (1-таблица). Бул жерде жана төмөндө жаксыз этиштердин түзүлүшү тийиштүү зат атоочтон жана этиштен болушун сызыкча жоон курсив менен белгилейбиз

1-таблица

ОрусчаТатарчаКазакчаКыргызчаТүркчөӨзбекче
ГоворитьСөйл-әүСөй-леуСүй-лөөКонуш-макСуйла-мок
Быть Булл-уБол- уБол- ууOl- makБул- мок
ЕстьАша- уЖе- уЖе- шYe- mekЕ- мок
игратьУйн-ауОй- науОй- нооOyna- makУйна- мок

Экинчи, үчүнчү, төртүнчү мамычалардан көрүнгөндөй, татар казак жана кыргыз тилдеринде жаксыз этиштер герундий менен алмаштырылган, маселен, сүйлөө деген бир аз убакыт-үзгүлтүксүз сүйлөмөктү билдирет, демек, бул процессти (зат атооч) билдирет; ойноо бир аз убакыт ойногонду билдирет, б.а. процесс. Демек, мындан казак жана кыргыз грамматикасы татар грамматикасынан сиңирип алынган, ал эми 4 жана 5 мамычаларынан көрүнгөндөй, түрк жана өзбек тилдеринде жаксыз этиш -мек жана -мак суффикстерин кошуу менен пайда болот. Ушундай эле жаксыз этиштердин түзүлүшү азербейжан жана түркмөн тилдеринде байкалат.

Кыргыз тилинин грамматикасында дагы жаксыз этиштердин түзүлүшү —мек,-макмөк  суффикстерин кошуу менен түзүлүшү туура экендиги кыргыз тилиндеги макалдар, «Манас» эпосунан алынган үзүндүлөр, акын ырчылардын ырлары далилдеп турат. Ал эми жаксыз этиштин мындай болушу Октябрь революциясына чейин эле жашап, азыркыга чейин уланып олтурат жана алардын кээ бирлери  гана макаланын аягында келтирилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, ушундай эле жаксыз этиштин түзүлүшү немец жана француз тилдеринде да байкалат (2- таблица).

2-таблица

РусскийНемецкийФранцузский
ИгратьSpiel-enJou-er
ЕстьEss-enMang-er
БытьWerd-enEt-re
ПетьSing-enChant-er

Инглиз тилинде жаксыз этиштер этишке to бөлүкчөсүн кошуу менен түзүлөт:

to play- ойномок,  to eat — жемек.

Тыянак

Кыргыз тилинин грамматикасында герундий деген түшүнүк жок болсо дагы бардык инфинитивдер алар менен алмаштырылган. Орус-кыргыз сөздүгүндө инфинитив (жаксыз этиш) жана герундий бир эле нерсени билдирет. Маселен, читать — окуу, чтение -окуу; писать- жазуу, писание- жазуу; плавать- сүзүү, плавание- сүзүү,  ж.б.

Андыктан мындан аркы кыргыз тилинин грамматикасынын китептеринде жана сөздүктөрүндө жаксыз этиштердин туура мааниси менен берилиши керек. Себеби, алар кыргыз элинин оозеки чыгармаларында XIV кылымдан бери, акын ырчылардын ырларында, жазуучулардын чыгармаларында да жашап келе жатат.

Тиркеме

макалдар:         Баш кес-мек бар, тил кес-мек  жок.

Кел де-мек бар, кет де-м-ек жок.

Бирге жүр-мөк бар, бирге өл-мөк жок.

Жакшы жаша-мак бар, жакшы өл-мөк жок.

Бөрк ал-мак бар, баш ал-мак жок.

«Манас» эпосунан (Сагымбай  Орозбак уулу (1867-1930))

Туул-мак бар, өл-мөк бар,

Ак жазганын көр-мөк бар.

Алда берген аманат,

Ажал келсе бер-мек бар.

Даанышман жана акын-ырчы Арстанбек Буйлаш уулунан (1824-1878) —

Мээнет менен жан бак-мак-адалдыктын белгиси.

Өңдөн азып саргай-мак— кеселдиктин белгиси.

Чагым салып, эл буз-мак— ыймансыздын белгиси.

Сураганын аткар-мак-кыйбас тыктын белгиси.

Кара жерди каңтар-мак-кажыбастын белгиси.

Акын-ырчы  Калмырза Сарнек уулунан (1866-1910)

Арзан эмес мал тап-мак,

Оной эмес жан бак-мак.

Эл чогулган жерлерде,

Андан кыйын,Элге жаккан ыр тап-мак!

Адабияттар:

  1. Большой англо-русский словарь. Т.1-2, под. Ред. И.Г. Гальперина и Э. М.: Медниковой, Изд. Русский язык, 1986, 1988. — 1037 с., — 1012 с.
  2. Большой Русско-казахский словарь. — М.: Толмач, 2008. -536 с.
  3. Ганиев Ф., Гаффарова Ф.Русско-татарский словарь. Татарское книжное издательство. — Казань: -211 с.
  4. Казахско-русский словарь. Под ред. Р.Г. Сыдоковой и К.Ш. Чусайн. — Алматы: Дайк пресс, 1991. -1007 с.
  5. Качалова К. Н., Израилевич Е.Е. Практическая грамматика английского языка. — М.: Изд. Юнас, 1995. — 608 с.
  6. Кыргызско-русский словарь. Т. 1-2. Составитель проф. К.К. Юдахин. -М.: Изд. Советская энциклопедия, 1985. — 1213 с.
  7. Мустафаева Э.М.-Э., Щербинина В.Г. Русско-турецкий словарь. М.: Русский язык, 1994. -1022 с.
  8. Новый немецко-русский и русско-немецкий словарь. — М.: Изд. ООО дом славянской книги, 2007. — 702 с.
  9. Раевская О.В. Французско-русский и Русско-французский словарь. — М.: Фкт, Астрель, 2008, — 640 с.
  10. Русско-кыргызский словарь. Под ред. Проф. К. К. Юдахина. Бишкек: Изд. Кут бер, 2012. -991 c.
  11. Русско-немецкий словарь. Под ред. Ф. Б. Лоховица, А.А. Лепинга и Н.П. Страховой. -М.: изд. Советская Энциклопедия. 1965. -710 с.
  12. Узбекско-русский словарь. Под ред. С.Ф. Акобирова и Г.Н. Михайлова, Ташкент: изд. Главная редакция Узбекской Советской энциклопедии, 1985.- 726 с.
  13. Русско-узбекский словарь. Под ред. Р. Абдуракманова. -М.: Гос. изд. иностранных и национальных словарей, 1954. -1046 с.

 

     

 

Бөлүшүү

Комментарийлер