«КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУ» ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

  • 18.04.2023
  • 0

Бүгүн 18-апрелде Бишкек шаарындагы №2 орто мектебинде «Кыргыз-Кытай достугу» аталышындагы фестиваль болуп өттү.

"КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУ" ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

 Фестиваль мектеп жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, окуучулардын чакан концерттик программасы менен коштолду. Иш-чарага Конфуций институтунун директору Чен Чжигуо, кытай тилинен сабак берген кытайлык мугалимдер, журналисттер жана мектеп окуучулары катышты. Концерттин жүрүшүндө окуучулар эки элдин достугун даңазалаган ыр, бийлерди аткарып, Манас айтып, улуттук аспаптарда кол ойнотушту. Конфуций институтунун директору Чен Чжугуо мектеп мугалимдерине жана окуучуларга ыраазычылыгын билдирип, көп жылдан берки уланып келе жаткан кызматташтык дагы да бекемделерин билдирди.

  • Бул №2-орто мектеп биз үчүн өзгөчө орунду ээлейт. Себеби 12 жылдан ашык убакыттан бери тыгыз кызматташып, мектепке Конфуций классын да ачканбыз. Пандемиядан кийин мына эми чек аралар ачылып кайра кызматташуу чыңдала баштады десем болот. Буюрса быйыл жайкы лагерлерди уюштуруп, окуучулардын билимин тереңдеткенге жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатканга жардамыбызды аябайбыз деп айта алам,-деди.

"КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУ" ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

КЫЗМАТТАШУУГА ЧОҢ КӨҢҮЛ БУРАТ

№2-орто мектебинин администрациясы жана мугалимдер жамааты эл аралык кызматташууга чоң көңүл бурат. Анын натыйжасында 2009-жылдын апрель айында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Конфуций институту менен Бишкек шаарынын №2 орто мектебинин ортосунда келишим түзүлүп, мектеп окуучулары кытай тилин үйрөнө баштаган. 2011-жылдын апрель айында мектепте Конфуций классынын расмий ачылышы болуп, класс компьютерлер, окуу столдору, шкафтар, телевизор, проектор менен жабдылган.  Мектепте кытай тилин, каада- салтын, маданиятын үйрөнүү ыктыярдуу негизде окутулат. Окутуу Кытайдан келген волонтерлор тарабынан жүргүзүлөт. Кытайлык мугалимдер өз иштеринде окутуунун заманбап ыкмаларын колдонушат. Учурда 3-класстан 11-класска чейин 300дөн ашык окуучу кытай тилин үйрөнүүдө.

"КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУ" ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ

Кызматташуунун акыркы 10 жылын кошпогондо эле 2019-жылдан бери көптөгөн окуучулар ийгиликтерге жетип келет. Атап айтсак 2019-жылы 11-класстын окуучусу Жакшылыкова Жасмин кытай тили боюнча шаардык олимпиадада 1-орунга ээ болсо, 9-класстын окуучулары Кытай маданияты кесүү сынагында байгелүү орундарга ээ болушкан. Иероглифтик жазуу боюнча сынакка 8-класстын окуучулары катышып, байгелүү орундарга илинген.  Быйылкы окуу жылында 10-класстын окуучусу Каримова Тамерис жана 11-класстын окуучусу Алпарова Даткайым кытай тили боюнча шаардык олимпиадада биринчи, экинчи орунду ээлешти. Мектепте жыл сайын чыгыш календары боюнча жаңы жылды майрамдоо, кыргыз-кытай достугунун фестивалдарын өткөрүү жакшы салтка айланган. Бул мектеп окуучуларынын кытай маданиятына, тилине, каада- салттарына, улуттук спорт оюндарына болгон кызыгуусу канчалык чоң экенин айгинелеп турат.

"КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ДОСТУГУ" ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер