«КЫРГЫЗ, КАЗАК АДАБИЯТЫНЫН БАЙЛАНЫШЫ — ЭКИ ЭЛДИН ДОСТУГУ»

  • 24.12.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде Казак Республикасынын акыны, котормочу, Казакстан жазуучулар союзунун мүчөсү, “Серпер” сыйлыгынын лауреаты, Казакстан басма сөз кызматынын катчысы, “Мөлтүр булак” республикалык журналынын башкы редактору Саят Камшыгер менен онлайн-лекция өттү.

«КЫРГЫЗ, КАЗАК АДАБИЯТЫНЫН БАЙЛАНЫШЫ - ЭКИ ЭЛДИН ДОСТУГУ»

Онлайн баарлашуунун максаты — окуу программасына ылайык “Кыргыз жазма адабияты” темасынын алкагында кыргыз адабияты менен казак адабиятынын жакындыгын белгилеп, академиялык мобилдүүлүктү бекемдөө. Бул демилгени С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын доценти Карлыгач Жумакадырова колго алып, өткөрдү. Лекция  суроо-жооп форматында уюштурулуп, 50дөн ашуун  студенттердин катышуусунда өттү. Университеттин окутуучулары жана студенттеринен сырткары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты, доцент Г.Станалиева да катышып, илимий изилдөөлөрү менен да ой бөлүштү.

  • Ар дайым ар бир иш-чарабызга активдүү катышкан КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Аида Ишеналиева жана Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлнара Үмөтбековна жана Айдай Бекбоева, кыргыз тил жана адабият кафедрасынын жалпы жамааты, илимий иштер боюнча проректор Н.Маданбеков, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору Т.Болотов да катышып, өз ойлору менен  бөлүшүштү. Университеттин окуу-маалымат башкармалыгы да кайдыгер карабастан, техникалык жабдыктар менен камсыздап, мыкты шарт түзүп беришти.

Белгилей кетчү нерсе,  2019-жылы Казакстанда “Азыркы кыргыз поэзиясы” деген китеп чыгып, анда биздин бүгүнкү коногубуз Саят Камшыгер 20 чакты  кыргыз акындарынын ырларын казак тилине которгон. Алсак, Кожогелди Култегин, Атантай Акбаров, Тынчтыкбек Нурманбетов, Нурлан Калыбеков баштаган бир топ белгилүү акындардын ырлары орун алган. Кыргыз-казак акындарынын чыгармаларын карап чыккан акын катары Саят Камшыгер өтө кызыктуу онлайн-лекция өтүп берди. Студенттер да абдан активдүү катышып, курч суроолорду берип жатышты. Акырында студенттер баарлашуу өтө кызыктуу өткөнүн белгилеп, ушундайча онлайн-лекциялар дагы уюштурулса деген ойлорун билдиришти, — дейт Карлыгач Жумакадырова.

Бөлүшүү

Комментарийлер