КЫРЧЫНДА УЛУТТУК ӨНӨРДҮ УЛАНТКАН МУГАЛИМ
- 04.09.2026
- 0
Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан майрамдык иш-чараларга Чүй районунан келген мугалимдер да активдүү катышууда. Алардын арасында кыргыз тили жана адабияты мугалими Жүзмалиева Кульмира Шаршекеевна да бар.

Кульмира эже Чүй районундагы Рева Касымовна Тельтаева атындагы жалпы билим берүү мектебинде жыйырма жылга жакын убакыттан бери эмгектенип келет. Ал айылдык кеңештин депутаты катары да коомдук иштерге активдүү аралашкан.
Биз аны Кырчын жайлоосунда Чүй районунун өкүлдөрү тигип келген боз үйлөрдүн биринен жолуктурдук. Эже бул жердеги улуттук маданий иш-чараларга, сынактарга катышып, ата-бабадан калган салт-санааны жайылтууга өз салымын кошууда.
Айрыкча улуттук тамактарды даярдоодо эмгеги зор. Талкан көөлө, каттама, калама, чучук, казы-карта, бешбармак, кымыз, чалап, бозо сыяктуу улуттук даамдарды даярдап, келген конокторго тартуулап жатат. Бул өнөрдүн баарын ал чоң энелеринен үйрөнгөнүн айтат.
— Айлыгыбыздын көтөрүлгөнүнө Президентибизге терең ыраазычылык билдирем. Мурда 21 саат менен 30 миң сом алсам, азыр 60 миң сом алып жатам. Кантип кубанбай коёсуң! — дейт мугалим.
Ошол эле учурда Кульмира эже өзү иштеген мектептин көйгөйүн да көтөрдү. Анын айтымында, мектеп учурда авариялык абалда. Окуучулардын саны өсүп жаткандыктан, балдарды толук орун менен камсыз кылуу да кыйынчылык жаратууда.
Мектепте салтанат өткөрө турган атайын зал жок. Китепкана да мектептен 600 метр алыстыкта жайгашкан. Китеп алууга барган окуучулар ылай жол менен каттап окууга аргасыз.
Кырчында ата-бабадан калган улуттук мурастарды даңазалап жүргөн Кульмира эженин тилеги — балдарынын коопсуз жана заманбап шартта билим алышы.
Атайын кабарчы.