КУУНУН журналистика жана коммуникация институту Москва мамлекеттик университети менен кызматташат

  • 05.09.2023
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика жана коммуникация институту менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультети кызматташуу келишимине кол койду. Бул тууралуу аталган университеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу аземи онлайн форматта ишке ашырылды. Жолугушууга КУУнун ректору профессор Т.А.Абдырахманов катышып, өзүнүн куттуктоо сөзүндө россиялык кесиптештерди жана институттун профессордук-окутуучулук курамын жаңы окуу жылы менен куттуктады.
Андан тышкары эл аралык деңгээлде абройлуу болгон жогорку окуу жайынын журналистика факультети менен кызматташууга жетишүү чоң сыймык экенин белгиледи.
Өз кезегинде МГУнун журналистика факультетинин деканы профессор Е.Л.Вартанова кыргызстандык кесиптештер менен жүз көрүшкөнгө кубанычта экенин, бул келишим жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен, албан ийгиликтерди алып келерине ишеними чоң экенин билдирди.
Бөлүшүү

Комментарийлер