КУУНУН АЛТЫ МАГИСТРЛИК ПРОГРАММАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТҮҮДӨ

  • 29.03.2024
  • 0

28-мартта Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 581000 «Маркетинг», 540200 «Социалдык иш», 532300 «Кытай таануу ”, 710200 “Маалыматтык системалар жана технологиялар”, 710400 “Программалык камсыздоо” жана 510300 “Маалыматтык технологиялар” багыттарында магистрлик билим берүү программаларын эл аралык аккредитациялоо боюнча тышкы эксперттик комиссиянын жыйынтыктоочу отуруму болуп өттү.

КУУНУН АЛТЫ МАГИСТРЛИК ПРОГРАММАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТҮҮДӨ

Россиянын Кесиптик жана коомдук аккредитациялоо боюнча улуттук борборунун директору Галина Мотованын айтымында, бардык эле жогорку окуу жайлар эл аралык аккредитациядан өтүүгө батынбайт. Кыргыз улуттук университети аккредитациядан өтүүгө жакшы даярданып, комиссиянын мүчөлөрүнүн жемиштүү жана натыйжалуу иштеши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берди.

  • Эки жарым күн университеттин жамааты үчүн да, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү үчүн да өтө оор, чыңалып иштеген күн болду. Жумуш абдан олуттуу экенин өзүңүздөр көрдүңүздөр. Бул күндөрү биз, ректорат, институттардын директорлору, билим берүү программаларынын жетекчилери, окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрдүк. Окуу жайга ыраазычылык билдиребиз. Тышкы экспертиза процедурасына өтө кылдаттык менен даярданыптыр. Бирок муну менен аккредитация бүтпөйт, экинчи этап гана өттү. Биринчи этап –  өзүн-өзү текшерүү болсо, ​​экинчи этап – комиссия, үчүнчү этап – тышкы экспертизанын корутундусун даярдоо жана Россия менен Кыргызстандын аккредитациялык агенттиктеринин чечимин кабыл алуу болот, — деди ал.

КУУНУН АЛТЫ МАГИСТРЛИК ПРОГРАММАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТҮҮДӨ

Ошондой эле директор эксперттик комиссиянын сөздөрү корутундунун же чечимдин акыркы версиясы эместигин айтты. Анткени жыйынтыктоочу отчётту даярдоо үчүн дагы бир нече убакыт керектелет. Бирок эксперттик комиссиянын иши аяктады. Чечим кабыл алардан мурда отчёт окуу жайга жиберилип, бир жуманын ичинде таанышып, техникалык катачылыктарды оңдоого уруксат берилет. Бир гана бааны өзгөртө албайт. Эки жактуу макулдашуудан кийин гана аккредитациялык кеңештин жыйынына жөнөтүлөт.

КУУНУН АЛТЫ МАГИСТРЛИК ПРОГРАММАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТҮҮДӨ

Билим берүүнүн мыйзамында ылайык, улуттук аккредитациялоонун мөөнөтү беш жыл болсо, россиялык агенттиктин максималдуу аккредитациялоо мөөнөтү алты жылды түзөт. Кыргыз улуттук университетине эл аралык аккредитациядан өткөндүгүн тастыктаган эки сертификат берилип, Россияда гана таанылууга эмес, эл аралык аймакка чыгууга шарт түзүлөт.

КУУНУН АЛТЫ МАГИСТРЛИК ПРОГРАММАСЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКСПЕРТИЗАДАН ӨТҮҮДӨ

КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов тышкы эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнө аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирип, алардын жазуу жүзүндөгү сунуштары ал үчүн «иш-аракеттин колдонмосуна» айланып, университеттин жамааты алардын үстүндө иштей тургандыгын баса белгиледи.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер