КУУда АБИТУРИЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУНУН 2-ТУРУ БАШТАЛДЫ

  • 25.07.2023
  • 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде 2023-жылдын 24-июль күнү эрте менен саат 8:00дө 6 окуу имаратында абитуриенттерди кабыл алуунун 2-туру башталды.

Абитуриенттер имараттын фойесинде орнотулган стенддерден КУУнун түзүмдөрү тууралуу маалымат алып, өздөрү тандаган факультеттин техкатчыларына тактоочу суроолорду берип, толук маалымат алышкан соң, Билим берүү жана илим министрлигинин https://2020.edu.gov.kg сайтына онлайн режимде катталып жатышты.

Бул күнү КУУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы, ректор Төлөбек Абдырахманов абитуриенттерди кабыл алуунун жүрүшүн текшерди. Факультеттердин техкатчылар тобунун жетекчилери окууга тапшырган абитуриенттердин саны, абитуриенттердин орточо баллы ж.б. маалыматтарды ректорго айтып беришти. Кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Изат Усеновдун айтымында, 2-турга каттоо 26-июль күнү саат 14:00гө чейин уланат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер