КУТБИЛИМЧИЛЕР ИШЕМБИЛИКТЕ!

  • 08.10.2022
  • 0

Өлкө башчысынын Тазалык күнү жөнүндө Жарлыгына жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын телефонорграммасына ылайык 8-октябрда «Кут-Билим» медиа борборунун кызматкерлери ишембиликке катышты.

КУТБИЛИМЧИЛЕР ИШЕМБИЛИКТЕ!

Ишембилик эртең мененки саат тогузда башталды. Алдын-ала бөлүнүп берилген аймактагы акыр-чикирден арылтуу иштеринде кутбилимчилерден тышкары «Жаңы китеп» мекемесинин, «Окуу китеби» республикалык илимий-практикалык борборунун,  Борборлоштурулган бухгалтериясынын кызматкерлери билек түрүп иштеди. Ишембиликтин катышуучулары М.Фрунзе — Т. Абдымомунов көчөлөрүнүн аймагын акыр-чикирден арылтып, борбор шаарыбыздын тазалыгына өз салымын кошту.

КУТБИЛИМЧИЛЕР ИШЕМБИЛИКТЕ!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер