“КУТ БИЛИМДЕ” “ЖУМА ЖЫЛДЫЗДАРЫ”

  • 05.07.2018
  • 0

Жакында редакциябызга алыскы Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы Султанбек Раимбеков атындагы мектептин мугалимдери жана окуучулары келип, мектептеги ийгиликтери тууралуу кеп курушту. 2016-2017-окуу жылдан бери бул мектепте “Жума жылдызы” сынагы жарыяланып турат. Окуучулардын сабакка келүүсү, билим сапаты, коомдук иштерге активдүү катышуусу, тазалыгы каралып, жыйынтыгында алдыга чыккан класстар тарыхый жайларга үч күндүк экскурсияга чыгышат. Быйылкы жылдын “Жума жылдыздары” Бишкек шаарына келишкен.

Ат-Башы районундагы Өзгөрүш айылындагы Султанбек Раимбеков атындагы мектептин уюштуруучусу, музыка мугалими Чынара Кадыркулованын айтымында, 2017-2018-окуу жылынын башында эле класстар аралык “Жума жылдызы” сынагы жарыяланган.

  • Уткан класстар, т.а. башталгыч класстан 1 класс, жогорку класстан 1 класс “Жума жылдызын” алган болсо, үч күндүк тарыхый жайларга экскурсияга чыгышат. Сабакка катышуусу, билим сапаты, мектеп ичиндеги ар түрдүү коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, тазалыгы боюнча дежур мугалим маалымат алып, жыйынтыгы чыгарылат. Мугалимдер жамааты, айылдан чыккан бизнесмен тургундар жана өзгөчө белгилеп айтышыбыз керек, биздин бүтүрүүчүбүз Исаев Жаныбектин демөөрчүлүгү менен быйыл Бишкекке келдик. Алгач Ата Бейитке, Буранага барып, тарыхы менен тааныштык. Ушундай тарбия иштеринин аркасы менен билимге багыт берип келатабыз. Бул балдар өнөрлүү балдар. Маданият жана туризм министри С.Жумагулов менен жолугуп, ал Ала-Тоо аянтынан окуучулардын өнөрүн телевидениеге тартканга уруксат алып берди. Окуучулар ырдап, бийлешти. Быйылкы келген класс өткөн жылы дагы 7-класста утуп алып, Таш-Рабат, Кошой-Коргонго барып келишкен, — дейт мугалим.

Орус улуттук кийимдерин кийген мотурайган тоолук кыздар, балдардын кубанычы койнуна батпай турганын көрүп, айрымдарын сөзгө тарттык.

Роза Бактыбек кызы, 8-класстын окуучусу:

  • Мен 8-классты бүттүм. “Жаш таланттар” ийриминде 3-класстан бери катышып келатам. Класста он бала окуйт, анын беши ийримге катышабыз. Окуубуз дагы жакшы. Мектеп боюнча алдыңкы орунда турабыз, өз убагында сабакка келебиз, тапшырмаларды аткарабыз. Англис тилин жакшы көрөм. Бийге абдан кызыгам. Максатым И.Ахунбаев атындагы медакадемияга өтүп, адамдардын өмүрүн сактап калууну каалайм. Биздин мугалимдер, өзгөчө Нуржан Тогузбаева эжейибиз  көп жардам берет, эч нерседен аянбайт. Биздин жакшы көргөн мугалимибиз.

 

Айбек Олжобай уулу, 8-класс:

— Биз экскурсияга келген үчүн максат койгон жокбуз, билим жагынан алдыда болууну максат кылабыз. Быйылкы 16 бүтүрүүчүнүн ичинен  ЖРТдан жалпы 165 баллга чейин алгандар болду. Келечекте ырчы болгум келет (ушул жерден “Айылыма” деген ырды созолонтуп, таптаза үнү менен ырдап берди).

Жумабүбү Токонова, башталгыч класстын мугалими:

  • Менин окуткан класстарымдын баары эле үлгүлүү, күчтүү болуп чыгышат. Ушул жеңип чыккан 8-классты дагы мен окуткам. Быйыл 1-класска кабыл алганда тест менен кабыл алдык. 17 баланын ичинен экөө гана орто, калгандары жакшы деңгээлде экен. Бул 480 сааттык “Наристе” программасынын негизинде балдарга тың мугалим сабак берген. Натыйжада 1-класска мыкты балдар даярдалып келди. Менимче, билим сапаты жогорку деңгээлде болчудай. Дегеле мектепте биз билим сапатына өзгөчө көңүл бурабыз. Ай сайын таза жазуу, көркөм окуу боюнча сынак өткөрүп турабыз. ЖРТнын жыйынтыгы менен райондук деңгээлде 3-орундабыз. Быйылкы бүтүрүүчүлөрүбүздөн 12 окуучу 110 жогору баллга татышты, калгандары 160, 159 балл алышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер