«КРЕАТИВДҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАР КЕРБЕНИ» ОШКО САПАР АЛДЫ

  • 11.10.2022
  • 0

 

«КРЕАТИВДҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАР КЕРБЕНИ» ОШКО САПАР АЛДЫ

12-октябрда КР Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы ордолуу Ош шаарында уюштуруп жаткан “Креативдүү технологиялардын кербени” аталышындагы эл аралык фестивалы өз ишин баштайт. УБИТАдан билдиришкендей, үч жүзгө жакын катышуучу катышары күтүлүп жаткан технологиялар кербени 15-октябрда жыйынтыкталмакчы.

Аталган уникалдуу эл аралык долбоору өлкөбүздүн өсүп келе жаткан муунун окутууда жаӊыча билим берүү технологияларын өнүктүрүүгө жана жайылтууга кубаттуу түрткү берүү максатын камтыйт. Ага Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белорусия, Армения жана Өзбекстандан окуучулар катышат.

«Креативдүү технологиялардын кербени» фестивалында окуучулардын илимий-техникалык жана көркөм чыгармачылыгынын көргөзмө конкурсун жана Ош Технологиялык университетинин базасында «Билим берүүнү концепциясы: креативдүү илим, инженерия, технологиялар» панелдик дискуссиясынын өткөрүлөт. Мындан тышкары, педагогдор менен балдарга арналган «Креативдүү ой жүгүртүүгө жана жаратууга үйрөнөбүз» долбоорунун алкагында «Алтын түйүн» Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын алдыӊкы адистеринен, Белорусия Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, Москва шаарынын «Технолополис» өзгөчө экономикалык зонасынын, россиялык инженер-иштеп чыгуучуларынын биримдигинин жана Санкт-Петербург шаарынын «Роботрек» IT  адистеринин, Ош технологиялык университетинин окумуштууларынан мастер-класстар өткөрүлмөкчү. Анда воркшоптор менен лекториялар: интернет-айдыӊындагы жарнама жана маркетинг, сайттарды түзүү, 3-D моделдөөнүн мейкиндиктеги технологиялары, архитектура жана кол өнөрчүлүк, тиркемелердин жана оюндардын иштелмелери, технологиялык багыттар ж.б. боюнча макеттер жана моделдер ж.б. сыяктуу темалар камтылат.

«КРЕАТИВДҮҮ ТЕХНОЛОГИЯЛАР КЕРБЕНИ» ОШКО САПАР АЛДЫ

Фестивалдын катышуучулары үчүн Сулайман-Тоого, музейлерге экскурсия уюштурулат жана маданият менен өз ара тажрыйба алмашуу максатында эл достугунун кечеси өткөрүлөт. «Креативдүү технологиялардын кербенинде» чыныгы чыгыш базары эстен кеткис таасирлерди тартуулайт. Ал жактан балдар өздөрү менен кошо ала келген кол буюмдарын жана эстелик топтомдорун сатыкка коюшат, андан түшкөн акчаны Баткен окуясында жабыркаган балдарга көмөк катары кайрымдуулукка жумшалмакчы.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер