КОШУМЧА БИЛИМ БЕРҮҮ ӨНӨКТӨШТҮКТҮ ӨРКҮНДӨТӨТ

  • 12.12.2019
  • 0

Нарын облустук балдарга билим берүү борбору  Кыргыз өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду менен бирдикте балдардын ойлоп табуу жөндөмүн өстүрүү боюнча көптөгөн алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.

Жакында эле өткөрүлгөн “Интеллектуалдык менчик балдардын көзү менен” аттуу викторина-сынагына Нарын облусунан 65 окуучудан турган 12 команда катышып, ар бири изилдөөчүлүк менен ойлоп табуучулукта зор эмгектерин көрсөтө алышты. Мындай сынак окуучулардын билимин гана эмес, таанып билүүчүлүк, баарлашуу компетенцияларын өнүктүрүүгө көмөк берет. Республикалык деңгээлде  уюштурулган окуучулардын илимий-техникалык чыгармачылыгын, изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук иш-аракеттерин жогорулатууга багытталган  “XXI  кылымдын интеллектуалдары”, “Илим, техника жана өндүрүш” жумалыгын жыл сайын  облустук денгээлде өткөрүп келет. Жеңип чыккан окуучулар, Эл аралык  кароо-сынакка жолдомо алышып, жакшы орундар жана ийгиликтерге жетишүүдө.  Натыйжада жылдан жылга  окуучулардын ойлоп табуучулугу өсүп баратканы байкалат. Бүгүнкү күндө балдардын колунан жасалган айрым буюмдар күнүмдүк турмушта колдонула баштады. Облустук сынактан жеңип алган  окуучулар  экинчи баскычында эл аралык деңгээлде өткөн  сынактарга катышат. Аталган сынактар балдардын изилдөөчүлүк жөндөмүн көтөрүү менен кесипке багыт берүүчү каражат экени бардыгыбызга маалим.  Ийгиликке ээ болгон балдардын бири Байыш уулу Арген 2017-жылы “Жаш ойлоп табуучу” кубогун утуп, 70 миң сом акчалай сыйлыка ээ болгон. 2016-жылы 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Даниель Японияга  тажрыйба алмашуу максатында он күндүк окуу саякатына барып келген. Былтыр Ош шаарында өткөн эл аралык сынакка Россия, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана Кыргызстандан жаш ойлоп табуучулар катышып, 10-класстын окуучулары Эдил Абдиев менен Улук Турдалиев эки аталмада 2-орунга ээ болсо, быйыл Ысык-Көл жээгиндеги “Кыргыз деңизинде” өткөн эл аралык сынакта Б. Шаршенбеков,  А. Турдубек уулу, Т. Жээнгазиев да байгелүү орунга озуп чыгышты.  Мындан сырткары Б.Шаршенбековго 3000 сом өлчөмүндөгү стипендия ыйгарылды.

Рыскүл Турдалиева,

Нарын облустук билим берүү

борборунун директорунун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер