КООМДУК ИШМЕР ОШТУДА

  • 04.12.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде коомдук ишмер, юрист Акылбек Ташбулатов экономика жана башкаруу факультетинин бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын студенттерине “Адам укугунун декларациясынын кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгы” деген темада конок лекция өттү.

Аталган лекцияга кафедранын жамааты, андагы багыттар боюнча билим алып жаткан студенттер катышты.

КООМДУК ИШМЕР ОШТУДА

Акылбек Ташбулатов студенттерге декларациядагы адам укуктары, милдеттери жана аларды сактоо, бүгүнкү күндөгү жаштардын коомдогу орду жөнүндө кеңири маалыматтарды берди. Конок лекция эркин форматта уланып, жаштар арасындагы бир канча көйгөйлөр, сунуш-пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрдү. Жыйынтыгында лектор катышуучулардын суроолоруна жооп берди.

ОшМУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер