КООМЧУЛУК МЕНЕН БАЙЛАНЫШКА ЭМНЕЛЕР ТААСИР ЭТЕТ?

  • 25.07.2020
  • 0

КООМЧУЛУК МЕНЕН БАЙЛАНЫШКА ЭМНЕЛЕР ТААСИР ЭТЕТ?

 

Онлайн университет  платформасынын  Илимий изилдөө лабораториясы 25-июлда, саат 17: 00дө “Кыргызстанда коомчулук менен байланыш тажрыйбасына таасир берген факторлор” темасында кезектеги вебинарын өткөрөт.

Вебинардын алкагында Кыргызстанда коомчулук менен байланышка тийгизген тажрыйбанын таасирине жана уюмдардын стратегиялык коммуникациялык планын иштеп чыгуусуна анализ жүргүзүлгөн. Сурамжылоого өлкөдөгү мамлекеттик, жеке, коммерциялык эмес жана эл аралык структураларда иштеген 75 респондент катышкан.

Вебинардын спикери графикалык дизайнер, PR адиси  Назима Туланова.

КООМЧУЛУК МЕНЕН БАЙЛАНЫШКА ЭМНЕЛЕР ТААСИР ЭТЕТ?

Назима Туланова 2018-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүн аяктап бакалавр даражасын алган. 2020-жылы Борбордук Азия университетинин журналистика жана массалык коммуникация факультетинин магистратурасын аяктаган.

Учурда Кыргыз эл аралык универсалдык колледжинде (Кыргыз-Корей Тил жана Маданият институту)  компьютердик графика, рекламалык жана PR фотографияларынын техникасы боюнча окутуучу болуп иштейт. Ошону менен бирге Онлайн Университеттин дизайнери.

Ден соолукта болуңуз жана вебинарга кош келиңиз! Сиздерди көрүүбүз бизге кубаныч тартуулайт!

Zoom конференцияга кирүү үчүн шилтеме:

https://zoom.us/j/96407069265?pwd=ZmVZWUxqeitjM0pvdmdCV3lUZ0NCQT09

Конференциянын идентификатору: 964 0706 9265

Паролу: 295714

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/onlineuniversitykg/

Инстаграм: onlineuniversity.kg

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

 

#ҮйрөнүүнүҮйрөн  #онлайнуниверситет  #онлайнментор #onlineuniversity #onlineteaching #onlinementoring #onlinementor

 

Бөлүшүү

Комментарийлер