КОМУЗ КҮҮСҮ КОШТОЛГОН ЖУМАЛЫК

  • 07.09.2020
  • 0

Кыргызстанда бүгүн Комуз жумалыгы башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен расмий билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-сентябрь — Комуз күнүнө карата жарыяланган иш-чаралар 13-сентябрга чейин уланмакчы.

Аталган иш-чара учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жумалык онлайн форматта өткөрүлөт.

Программада залкар комузчуларды эскерүү, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөрдүн жана комузчулардын катышуусу менен илимий-практикалык конференция, залкар жана жаш комузчулардын катышуусундагы “Таңшы комуз” онлайн концерти жана видео сабактар өтүп, ал “Маданият.Тарых.Тил” каналы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин фейсбук баракчалары аркылуу түз көрсөтүлмөкчү.

Маданият министрлиги республикадагы бардык жарандарды аталган жумалыкка активдүү катышуу менен фейсбук жана инстаграмм аккаунттарга #ТаңшыКомуз хештегин колдонуу менен видео жарыялоого чакырат.

“Комуз күнү” майрамы Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун маданияттар аралык диалогун кеңейтүү максатында президенттин жарлыгы менен 2019-жылы кабыл алынган.

Жумалыктын программасы:

— 7-сентябрда саат 10:00дөн 16:00гө чейин “Күү залкарларын эскерүү” — Карамолдо, Ыбырай, Токтогул, Ниязалы, Чалагыз, Атай, Шекербек ж.б,;

— 8-сентябрда саат 16:00дө “Комуз күүлөрүнүн өнүгүү тенденциялары” илимий конференция;

— 9-сентябрда саат 17:00дө “Таңшы комуз” гала-концерт (онлайн);

— 10-сентябрда бир күн бою «Комуз менен ырдайбыз!» онлайн акциясы;

-11-сентябрда саат 16:00дө “Залкар комузчулардын табериктери” Залкар комузчулардын комуздары тууралуу баян;

— 12-сентябрда саат 11:00дө Атай Огомбаевдин 120 жылдык мааракесине карата флешмоб “Маш ботой”.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер