КОЛЛЕДЖДЕРГЕ ТАНДООНУН I ТУРУНДА 30 МИҢ 531 АРЫЗ КАТТАЛДЫ

  • 21.07.2023
  • 0

10-июлдан 20-июлга чейин созулган биринчи турда эң көп өтүнмөлөр Бишкек медициналык колледжине – 1 миң 597, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжине – 1 миң 198, Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжине – 1 миң 49 түшкөн.

2023-2024-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн https://2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер колледждин жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.

Тандоонун экинчи туруна арыздар 28-июлдан 7-августка чейин, үчүнчү турга 14-августтан 24-августка чейин кабыл алынат.

Бөлүшүү

Комментарийлер