КОЛЛЕДЖДЕР ҮЧҮН ҮЧ ЭКСПЕРИМЕНТАЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

  • 08.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылануучу “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында “Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо”, “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу”, “Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө” адистиктери үчүн Токмок агро-өнөр жай колледжинин базасында пилот жүргүзүү үчүн эксперименталдык билим берүү программаларын иштеп чыкты.

Аталган долбоордун алкагында эксперименталдык окуу пландырынын жана билим берүү программаларынын үстүндө иш жүргүзүлдү, алар пилоттук адистиктер боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарттары статусуна ээ болот. Адистиктер регионалдык эмгек рыногунун муктаждыктарына атайын жүргүзүлгөн изилдөөнүн негизинде аныкталган.

Республиканын пилоттук колледждери жана кесиптик лицейлер үчүн пилоттук кесиптер жана адистиктер боюнча эксперименталдык окуу пландарын жана билим берүү уюмдарын калыптандыруу үчүн компетенттүүлүк негизде билим берүү программасын иштеп чыгуу боюнча Колдонмо алдын ала даярдалган. Колдонмо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде, ошондой эле улуттук эксперттердин жана колледждердин кызматкерлеринин арасында талкуудан өттү.

Жаңы программалардын максаты – бүтүрүүчүлөрдүн социалдык-инсандык жана кесиптик компетенцияларын калыптандыруу, алар жөн гана белгилүү бир көлөмдө билим албастан, ошондой эле келечекте көндүмдөрдүн деңгээлин жоготпоого, өз квалификациясын дайыма жогорулатып турууга үйрөнүшөт.

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматиканы эксплуатациялоо боюнча адис Асылбек Джумакадыров прогармманын буга чейинкиден айырмасы тууралуу айтып берди.

“Эгерде буга чейин практикалык, лаборатордук билимдерге азыраак убакыт бөлүнүп келсе, эми жаңы окуу планы көндүмдөрдү калыптандырууга басым жасайт. Аталган долбоордун алкагында окуу-өндүрүштүк комплекс түзүлөт, анын жардамы менен сабактардын 70% практикалык болот жана студент убакыттын 30% гана теорияга бөлөт. Эми негизги көңүл кесиптик дисциплиналарга бурулат. Мисалы, автоунааны диагностикалоого көбүрөөк убакыт бөлүнөт, мындай практика буга чейин болгон эмес”, — деди ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер