КОЛДООГО МУКТАЖ МИҢ БАЛА КӨЛДӨ ЭС АЛАТ

  • 18.06.2024
  • 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги майыптыгы бар жана ата-энеси жок балдарга жайкы каникулда эс алуу уюштурат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотованын айтымында, министрлик бул жайда майыптыгы бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана ата-энеси жок миңдей баланы Ысык-Көлгө эс алууга жиберүүнү пландап жатат. Өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун демилгеси менен Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров быйыл мындай балдардын эс алуусуна каржылоону үч эсе көбөйтүп, 15 миллион сом бөлгөн.

«Балдар Ысык-Көлгө алтыга бөлүнүп барып, «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алышмакчы. Биринчи агым менен Баткен, Талас жана Ош облустарынан келген балдар жөнөп кетишти», — дейт министр.

А.Кашыбаева,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер