КОҢГУРОО: КОҢШУЛАР ТРИУМФ ЖАРАТКАНДА, КЫРГЫЗ ПАРА-СПОРТЧУЛАРЫНА ЭМНЕ ҮЧҮН КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙТ?
- 27.10.2026
- 0
24-октябрда Жапониянын Айти-Нагоя шаарында өткөн V Азиялык Параоюндары аяктады. Жыйынтык кыргыз спорт күйөрмандарынын гана эмес, бүтүндөй улуттун ичин ачыштырбай койбойт. Коңшу Өзбекстан 145 медаль менен (45 алтын, 49 күмүш, 51 коло) Кытай (435 медаль) менен Жапониядан кийинки эле жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи! Казакстан 50 медаль утту. Ал эми бүтүндөй бир мамлекеттин намысын коргоп барган Кыргызстан болгону 1 алтын медаль менен 22-орунга илинди. Бул көрсөткүч бизде пара-спортко таптакыр көңүл бурулбай жатканынын, спортчуларыбыз мамлекеттин эмес, жеке намыстын, эрктин жана демөөрчүлөрдүн күчү менен гана күрөшүп жатканынын ачык далили.
Мен өмүрүмдүн жарымынан көбүн спортко арнап, 23 китеп жазып, 12 Олимпиада оюндарын (7 жайкы, 5 кышкы) жеринен чагылдырган спорттук баяндамачы катары ушул кезге чейин бир дагы Паралимпиада оюндарын жеринен чагылдыра алган жокмун. Эмне үчүн? Анткени биздин аткаминерлер дени сак спортчуларга араң каражат таап, ал эми майыптар спортун «көмүскөдөгү өгөй бала» катары көрүп келишет. Бирок Жапониядагы акыркы оюндар көрсөткөндөй, коңгуроо кага турган убакыт алда качан келди, атүгүл өтүп баратат!
Үмүттүн шооласы: Айбийке алып келген жалгыз алтын
Бул жолку Пара Азия оюндарында Кыргызстандын улуттук туусун бийик желбиретип, өлкө куржунуна жалгыз алтын медалды алып келген чыканактай дзюдочу, Азия чемпиону жана дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Айбийке Уланбек кызынын эрдигин өзгөчө баса белгилешибиз керек. Ал 52 килограмм салмактагы балбан кыздар менен күч сынашты. Жарым финалда жапониялык Юуй Фудзивараны өз жеринде эли колдоп турганда «иппон» ыкмасы менен жеңип алып, адистердин көңүлүн бурду.
Финалдык алтын медаль үчүн беттеште индиялык атаандашы Кокила Каушиклатени дагы 21 секунд ичинде мөөнөтүнөн мурда таза жеңип, чемпион аталды. Чынында Айбийке Азиянын алп өлкөлөрүнүн, эч нерседен кем болбой машыккан спортчуларынын арасынан суурулуп чыгып, алтын медаль тагынып, намыска жарады.
Айбийкенин бул алтыны — бул кыргыз кызынын мүнөзүнүн, өжөрлүгүнүн, спортко болгон чексиз сүйүүсүнүн жана бир топ жылдан бери майып спортчуларды колдоого алып, машыгуусуна шарт түзгөн өлкөбүздүн Парадзюдо федерациясынын жеңиши! Ал бүтүндөй кыргыз пара-спортунун сыймыгы болуп, өлкөнү уяттан сактап калды. Бирок суроо туулат: жалгыз көзү азиз Айбийкенин эрдиги, каармандыгы менен качанга чейин мактанып жүрө беребиз? Шарт түзүлсө, мындай алтындар ондоп келмек эмес беле?
Булакка чөккөн үч жашаар кыздын эрдиги
Бизде Айбийке сыяктуу шарттын жоктугуна карабай, тагдыр менен алышкан эрктүү кыздарыбыз бар. Алардын бири — Париж-2024 Паралимпиадасынын катышуучусу, пара-пауэрлифтинг чебери Миргүл Болоталиева. Мен бул эрктүү кыз менен Париж Паралимпиадасынан кийин маек курган элем. Анын тагдыры улуттук пара-спорттун ачуу чыркыраган чындыгы болуп саналат.
Миргүл Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында туулуп-өскөн. Үч жашында кокустан булакка чөгүп кетип, аман калганы менен, эки буту баспай, 2-топтогу майып болуп калат. Бирок анын канында спортчунун салты, касиети бар эле. Атасы грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери болгон жана кызы төрөлгөндө «ушул кызымды спортчу, чемпион кылам» деп тилек кылган экен. Тагдыр башка нукка бурулса да, ата тилеги баары бир орундалып жатат.
Кара-Балтадагы майыптардын атайын мектеп-интернатында окуп, кийин Кыргыз Улуттук университетинин экономика факультетин бүтүргөн Миргүл спортко кокустан келип калган. Башында кол күрөш (армрестлинг) боюнча эч кандай даярдыгы жок эле Кыргызстандын чемпионатында Азиянын эки жолку, дүйнөнүн чемпионун жеңип, өлкөнүн абсолюттук чемпиону болот. Бул анын табиятынан берилген өзгөчө күч-кубатынан кабар берген. Кийин классташы, пара-пауэрлифтинг боюнча Азия чемпиону, Азия, дүйнө кубокторунун жеңүүчүсү, эл аралык спорт чебери Эсен Калиевдин чакыруусу менен пауэрлифтингге (оор атлетиканын бир түрү) келип, Кыргызстандын тарыхында Паралимпиадага жолдомо алган алгачкы айым спортчу болуп калды.
Жеңилүүдөн жеңишке: Париж төрүндөгү эрдик
Миргүлдүн спорттогу жолу оңой болгон жок. 2021-жылы Дубайдагы Дүйнөлүк кубокто эң акыркы орунду алганда да багынган эмес. Ханчжоудагы Азия оюндарында уюштуруучулардын суктануусун жаратып, Олимпиада отун көтөрүү эстафетасына катышкан.
Париж-2024 Паралимпиадасында Миргүл дүйнөнүн эң күчтүү спортчулары менен тең тайлашып, 8-орунду ээледи. Ал жакка баруу да чоң түйшүк менен коштолгон. Каражаттын жоктугунан олимпиадалык рейтингдик мелдештерге баралбай калып, Эл аралык паралимпиада комитетине арызданып жатып жолдомону араң сактап калышкан. Жапониядагы Азиялык Параоюндарында да Миргүл өзүнүн салмак категориясында эң мыктылардын катарына кирип, коло медалга бир кадам жетпей 4-орунду ээлеп, өлкө намысын татыктуу коргоду.
Ачуу чындык: «Майыптар үчүн атайын штанга да жок!»
Миргүл Болоталиева менен болгон маекте пара-спорттун ичиндеги көйгөйлөрдү ачыкка чыгарган эле. Көп жылдар бою Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин олимпиадалык резерв спорт мектебинде машыгып келишсе, ал жердеги жетекчилик жана машыктыруучулардын туура эмес мамилесинен улам курама команда ал жерден кетип калууга мажбур болгон.
«Кээ бир спортчуларыбызга машыгуу залына барганга жол кире табылбай калган күндөр болду. Бизге мамлекет эмес, жеке менчик ‘Стронг’ клубу кучак жайып, ‘каалашыңарча машыккыла’ деп залын берип, ошол майыптар үчүн шарты жок залда эки жылдан ашуун машыгып жүрдүк. Мында 2-3 жылдан кийин гана быйыл 6-октябрда гана мурда өзүбүз машыккан залга кирүүгө уруксат алдык», — дейт Миргүл.
Бирок көйгөйлөр муну менен бүтпөйт. Эми демөөрчү, каражат издеп машыгуу залын кайрадан ремонттоп, машыгуу үчүн шарт түзүп, жарактан чыккан штанганын ордуна жаңысын алуу зарыл болуп турат. Алардын ден соолугуна көзөмөл кылган спорттук дарыгери да жок. Пара-пауэрлифтинг кадимки соо адамдар машыккан оор атлетикадан кескин айырмаланат. Дени сак спортчулар штанга көтөргөндө оордукту колуна алып, бутуна таянып, түртүп же жулкуп көтөрсө, пара-спортчулардын буттары атайын жабдык менен байланып, шалкасынан жатып, көкүрөгүнө жакын билек күчү менен оордукту көтөрүү керек.
«Бизге арналган атайын жабдыктар жетишсиз. Мисалы, майыптар үчүн атайын заманбап штангабыз жок. Ден соолугу чың спортчулардын штангасы менен машыгууга аргасызбыз. Ал биздей адамдар үчүн ыңгайсыз жана кооптуу», — дейт алгачкы паралимпиадачы айым. Ушундай демилгечи майып спортчулар 30-ноябрда республикалык деңгээлде мелдеш өткөрүп, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды сындан өткөрүп, ооруну жеңүү үчүн шыктандырууну тилек кылышып, даярдык көрүшүүдө. Бул демилгени өкмөт, мэрия колдоор бекен?
Коңгуроо: Биз качан ойгонобуз?
Өзбекстандын өкмөтү пара-спортчуларына дүйнөлүк деңгээлдеги академияларды куруп, кадимки Олимпиада чемпиондору сыяктуу эле ири суммадагы акчалай атайын стипендияларды чектеп, байге уткандарга сыйлыктарды, батирлерди, унааларды берип, көңүлдөрүн көтөрүп, машыгууга шарт түзүүдө. Натыйжасы — Азиялык Пара оюндарда 3-орун! Казакстан да ушундай эле жолдо мүмкүнчүлүктөрү чектелген спортчуларын колдоого алууда.
Биздин спортчулар болсо штангага жетпей, жол кире таппай жүрүшөт. Бул улуттук намыс маселеси. Миргүл же Айбийке сыяктуу кыздарыбыз спорттон кетип калса деле болмок. Бирок алар намыс үчүн, артта турган миңдеген майып балдарга, үмүтү үзүлгөн ата-энелерге үлгү, өрнөк болуу үчүн эл аралык аренада кыргыз туусун бийик көтөрүп жатышат. «Майып болсоң да ооруну жеңип, ийгиликти, жеңиштерди багынтса болот» деп коомго коңгуроо кагып жатышат.
Мен спорттук баяндамачы катары айтарым: спорт аткаминерлери, Дене тарбия жана спорт агентиги, Улуттук паралимпиадалык комитет бүгүнтөн баштап бул тармакка болгон көз карашын өзгөртүшү керек. Шарт түзүлүп, атайын залдар, жабдыктар берилбесе, кийинки эл аралык оюндарда Айбийке алып келген жалгыз алтындан да куру калышыбыз толук мүмкүн. Биздин өлкөдө майып спортчуларга качан шарт түзүлөт, качан пара-спортко көңүл бурулат? Суроо ачык бойдон калууда…
Кабыл МАКЕШОВ,
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы