КМУНУН СТУДЕНТИ ЛИВАНДА ӨТКӨН ЧЕМПИОНАТТА БАШ БАЙГЕНИ БАГЫНДЫРДЫ  

  • 09.12.2021
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун Жапон таануу институтунун 3-курсунун мейманкана бизнеси адистигинин студенти Ишенбаев Анарбек  5-декабрда Ливандын Бейрут провинциясында дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында өткөн Азия жана Океания чемпионатында биринчи орунду багындырып, алтын медаль тагынды.

Окуу жайдын жетекчилиги жана жамааты Кыргызстандын намысын коргоп, чет жерде өлкө желегин желбиреткен студенти Ишенбаев Анарбекти жеңиши менен куттуктайт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер