КМУНУН СТУДЕНТИ 1-ОРУНДА

  • 15.01.2024
  • 0

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенти Санжар Айылчиев Японияда чет тилдүү студенттер арасында япон тили боюнча өткөн сынакта биринчи орунга ээ болду.

КМУНУН СТУДЕНТИ 1-ОРУНДА

Японтаануу институтунун Аймак таануу багытынын 4-курсунун студенти Санжар Айылчиев академиялык мобилдүүлүктүн алкагында Япониянын Осака шаарындагы Кансай университетинде билим алат. Ал окуу менен бирге түрдүү сынактарга катышып, ийгиликтерди багындырууда.

КМУНУН СТУДЕНТИ 1-ОРУНДА

Белгилей кетсек, Санжар Айылчиев буга чейин республикалык жогорку окуу жайлар аралык япон тили боюнча “Чечендик өнөр” аталышындагы конкурска катышып, “Прикосновение к мировой культуре в студенческом общежитии” деген темада доклад жасап, эң жогорку баа алып, биринчи орунга ээ болгон.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер