КМУНУН МЫКТЫ ИЛИМПОЗ СТУДЕНТИ

  • 24.05.2021
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун гуманитардык факультетинин 2-курсунун студенти Нураим Келдибекова Казакстандын “Бобек”  улуттук кыймылы” тарабынан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин илимий жана билим берүү мекемелеринин арасында уюштурулган «III эл аралык китеп басылмасы» жана «Мыкты жаш илимпоздор — 2021» долбоорунда жеңүүчү аталып, I даражадагы диплом менен сыйланды. Жетекчиси — Токтожан Алыбаева.

Бул долбоорго Кыргызстандан жүзгө жакын талапкер катышкан. Арасынан эң мыкты деп эсептелген 19 илимий иш жеңүүчү деп табылып, алардын эмгектери  КМШнын жаш окумуштууларынын эл аралык китеп коллекциясына киргизилген.

Бөлүшүү

Комментарийлер