КМУНУН ӨКҮЛДӨРҮ УТРК УЮШТУРГАН ИШ-ЧАРАГА КАТЫШТЫ
- 12.08.2026
- 0
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Гульсайра Ибраимова жана окутуучулары Асылкан Жаныбекова, Лю Чи Кенг Улуттук телерадиоберүү корпорациясында өткөн «Кытай медиакорпорациясынын мыкты программаларынын Кыргызстандагы көрсөтүлүшү» аталышындагы иш-чарага катышты.


Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы №303 Жарлыгынын аткарылышын камсыздоо максатында уюштурулуп, Кытай медиакорпорациясынын Кыргызстанда көрсөтүлө турган мыкты телеберүүлөрү, фильмдери жана башка медиаматериалдары тууралуу маалыматтар берилип, эки өлкөнүн ортосундагы маданий байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, кыргыз-кытай факультетинин студенттеринин аталган багытта практикалык тажрыйба топтоо мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Мындан тышкары, Пекин шаарынан келген Кытай медиакорпорациясынын өкүлдөрү менен таанышып, кыргыз-кытай тилдик жана маданий байланыштарын чыңдоо, ошондой эле жаш котормочуларды даярдоо багытындагы кызматташтыктын келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер