КМУНУН ИЛИМПОЗДОРУ ӨЗБЕКСТАНДА

  • 26.09.2019
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУнун илимпоздору Ерасмус+ программасынын «Борбордук Азияда курчап турган чөйрөнү коргоо: мейкиндик усулдарын колдонуу менен кырсыктар тобокелчиликтерин башкаруу” аттуу долбоордун алкагында Өзбекстандын Ургенч жана Каракалпак мамлекеттик университеттерине илимий иш сапарында болуп келишти.

Окуу жайдын Билим берүү сапаты жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы  Д.Тиленова жана география кафедрасынын доценти Э.Токторалиев  бир жума бою аталган окуу жайларда болушуп, тажрыйба алмашып, өзгөчөлүктөрү жана жетишкендиктери менен таанышышты. Андан сырткары долбоор жана Болон системасынын өзгөчөлүктөрү боюнча өткөн окууларга катышты. Ошондой эле аймактын географиялык жана экологиялык (Арал деңизинин жоголуусу жана анын кедергиси) өзгөчөлүктөрү менен таанышышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер