КМУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИЛИМИЙ- ПРАКТИКАЛЫК СИМПОЗИУМ ӨТҮП ЖАТАТ
- 21.05.2025
- 0
И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинде «Мектепке чейинки курактагы балдардын эмоционалдык интеллектин өнүктүрүү: практикалык ыкмалар жана стратегиялар» аттуу илимий-практикалык симпозиум өтүүдө. Симпозиумга КР агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгы,
Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти жана бала бакчалар, Кыргыз-Түрк Манас университети, Тараз шаарынын Абай атындагы Гуманитардык жогорку колледжи, ОшМунун индустриалдык- педагогикалык колледжи, К.Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжи, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык- педагогикалык институтунун окутуучулары. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору, методистери катышууда.
Симпозиумдун максаты: Билим берүүдөгү заманбап усулдар, сынчыл ой-жүгүртүүнү өнүктүрүү, интерактивдүү платформалары колдонуу, билим берүү чөйрөсүндөгү тарбия иштери боюнча актуалдуу маселелер каралды.
Иш-чара КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулду.
Комментарийлер