КМУда «XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ» ФОРУМУ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 19.05.2022
  • 0

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен ОшМУнун  ортосунда түзүлгөн кызматташтык жөнүндөгү келишимдин негизинде И. Арабаев атындагы КМУда «XXI кылымдын кадрлары» аталышындагы республикалык жогорку окуу жайлар аралык студенттик демилгелер форуму өтүп жатат.

КМУда «XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ» ФОРУМУ ӨТҮП ЖАТАТФорум агартуучу жана коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналды. Иш-чаранын расмий ачылышы бүгүн КМУнун башкы корпусунун алдында өттү. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Гүлзада Билбаева, Маданият жана маалымат министринин орун басары Союзбек Надырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, ОшМУнун студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова, ОшМУнун Кесиптик бирлигинин төрагасы Абсамат Саттаров, Баткен мамлекеттик университетинин проректору Абиба Саматова баштаган өкүлдөр, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Мамлеттик тил боюнча проректору Садык Тиллебаев жана КУУнун студенттери, КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, КМУнун 1-проректору Айгүл Абдраева жана ошондой эле окумуштуулар, изилдөөчүлөр, жогорку окуу жайлардын активист студенттери, студенттик уюмдардын, студенттик клубдардын лидерлери катышты.

Келген конокторКМУда «XXI КЫЛЫМДЫН КАДРЛАРЫ» ФОРУМУ ӨТҮП ЖАТАТ форумдун расмий ачылышында окуу жайдын алдындагы Ишеналы Арабаевдин эстелигине гүл коюшуп, студенттер даярдаган флешмобго күбө болушту. Форумдун алкагында студенттер “Мамлекеттик жаштар саясаты: жаңы көз караштар, мамилелер жана стратегиялар” аттуу жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясына, спорттук жана маданий иш-чараларга катышты.

Тактап айтсак, ОшМУдан келген делегациянын курамында 32 студент бар. Иш-чара КМУда 20-майга чейин  өтөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер