КМУДА ВЕНГР ТИЛИ ЖАНА МАДАНИЯТЫ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

  • 16.05.2023
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинин Чет тилдер жана компьютердик лингвистика институтунда “Венгр тили жана маданияты” борбору ачылды.

КМУДА ВЕНГР ТИЛИ ЖАНА МАДАНИЯТЫ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Ага окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору  Айсулу Бейшенова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аниса Бөрүбаева, Кыргыз Республикасындагы Венгриянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги, Венгриянын Эгер шаарындагы Кароли Эстерхази атындагы университеттин проректору Тибор Юхас ошондой эле Erasmus+ долбоорунун алкагында Чет тилдерди окутуу жана тейлөө борборунун жетекчиси Дьердьи Ковач,  ага окутуучу Жудит Тот жана институтунун окутуучулары катышты.

Борбордо Венгрия мамлекетинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын камтыган китептер жана белгилүү инсандардын портреттери коюлган. Окутуучулар жана студенттер аралыктан венгр тилин үйрөнүү үчүн интерактивдүү сенсордук панель орнотулган.

Венгриялыктар бул иш сапардын алкагында окуу жай менен кеңири таанышып, музейдеги экспонаттар тууралуу маалыматтарды алышты. Алдыда венгр тилин жана маданиятын кыргыз элине жайылтуу максатында университеттин студенттерине англис жана венгр тилинде сабактар өтүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер