КМУДА УЛУУ БРИТАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

  • 26.11.2026

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде  Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Висенте Солера-Дьюкар «Кыргызстан жана Британия: өзгөрүп жаткан дүйнө, жаңы өнөктөштүк» аталышында конок-лекция өттү. Иш-чарага КМУнун ректору Айгүл Абдраева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты. КМУДА УЛУУ БРИТАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

Конок-лекциянын жүрүшүндө элчи Висенте Солер Дьюкар эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы багыттары, эл аралык мамилелердеги өзгөрүүлөр жана жаңы мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берди. КМУДА УЛУУ БРИТАНИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ КОНОК-ЛЕКЦИЯ ӨТТҮ

Иш-чаранын негизги максаты Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы дипломатиялык, билим берүү жана маданий кызматташтыкты чыңдоо, студенттердин эл аралык мамилелерге болгон кызыгуусун арттыруу жана эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктүн келечеги тууралуу маалымат берүү болду. Бул жолугушуу эл аралык деңгээлдеги тажрыйба менен таанышууга жана дипломатиялык байланыштар тууралуу кеңири маалымат алууга шарт түздү.

Бөлүшүү