КМУДА СПИД ТУУРАЛУУ СТУДЕНТТЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ

  • 01.12.2021
  • 0

30- ноябрда И. Арабаев атындагы КМУда 1-декабрь — СПИДке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата студенттер менен университеттин медициналык бөлүмүндө эмгектенген медицина кызматкерлеринин жолугушуусу уюштурулду.

Анда медицина кызматкерлери студенттерге СПИДдин зыяндуулугу тууралуу кеңири маалымат беришти. Тактап айтканда, СПИД алгач адамга жукканда адам кандай абалда болоорун, андан сактануунун жолдору кандай экендигин түшүндүрүштү. Студенттер медицина кызматкерлерине өздөрүнүн кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

Эске салсак, И. Арабаев атындагы КМУда СПИДден сактануунун эрежелери студенттерге дайыма түшүндүрүлүп келет. Окуу жайдын медициналык бөлүмүнүн кызматкерлери бул багытта жигердүү иш алып барат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер