КМУДА ОНЛАЙН МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР БАШТАЛДЫ

  • 09.06.2020
  • 0

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендер онлайн режимде башталды.

КМУДА ОНЛАЙН МАМЛЕКЕТТИК ЭКЗАМЕНДЕР БАШТАЛДЫ

Экзамендер Jitsi Meet программасы аркылуу алынууда. Ал үчүн атайын техникалык каражаттар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен камсыздалган бөлмө алдын ала даярдалган. Экзамен тапшыруучу группалар менен дагы алдын ала байланыш жүргүзүлүп, аларга программа менен иштөөнүн, экзамен тапшыруунун жол-жоболору боюнча маалыматтар берилип, атайын даярдыктар өткөрүлгөн.

Алгач Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери тапшырышты. Студенттер республиканын ар тарабынан байланышка чыгып, паспортторун көрсөтүп каттоодон өткөндөн кийин, AVN аркылуу тест тапшырышты. Тесттин жоопторун  AVN автоматтык түрдө эсептеп, студенттин канча балл алганын чыгарып берди. Экзаменге техникалык себептерден  же интернет байланышы жок катышпай  калган студент болгон жок.

Экзамендик комиссиянын төрагасы мүчөлөрү менен биргеликте ушул бөлмөдөн студенттер менен байлынышып, экзмамендин жүрүшүнө байкоо салып турушту. Окуу жайдын жетекчилиги дагы алгачкы экзамендин жүрүшүнө болгон даярдыктарды, анын жүрүшүн көзөмөлдөп турду.

Бул күнү география, экология, туризм жана физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү дагы тапшырышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер