КМУДА КЕРЕГЕ ОТУРУМ ӨТТҮ

  • 25.09.2023
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессордук-окутуучулар курамы, студенттердин жана мамлекеттик тил боюнча жооптуу кызматкерлердин катышуусунда кереге отурум өттү.

КМУДА КЕРЕГЕ ОТУРУМ ӨТТҮ

Кереге отурумда окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева жалпы катышуучуларды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, санариптешүү доорунда эне тилди өнүктүрүүнүн ролун баса белгиледи.

  • Ата-бабаларыбыздан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан пикир алышуунун, сүйлөшүүнүн куралы болгон мамлекеттик тилибиз. Кыргыз тили – өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу керек экени – учурдун талабы. Дүйнөдө теӊдеши жок “Манас” эпосун жараткан кыргыз тили! Кыргыз тили – улуттун баа жеткис зор байлыгы жана өнүгүп өскөн мамлекетибиздин келечеги!, — деди ректор.

 

КМУДА КЕРЕГЕ ОТУРУМ ӨТТҮ

Иш-чарада  КР Президенттик Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын эксперти Тамара Абылкасымова “Коомчулукта көп кетирилүүчү типтүү каталар” дене темада,  КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Россия Федерациясындагы өкүлү Багыт Бапанов “Диаспоралардагы эне тилдин сакталышы”, Москва мамлекеттик лингвистика университетинин КМШ жана коңшу мамлекеттердин тилдери жана маданияты бөлүмүнүн башчысы Жеңишгүл Хулхачиева “Россиянын жогорку окуу жайларында кыргыз тилин окутуунун тажрыйбалары”, Түркиянын Анкара университетинин профессору Хулия Касапоглу Ченгел “Кыргыз тилинин тарыхы жана түрк дүйнөсүндөгү азыркы абалы”,  филология илимдеринин доктору, профессор Толгонай Сыдыкова “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамына  киргизилген өзгөртүүлөр”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн доценти Калия Кулалиева “Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү талаптары”, ”Манас” эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү”; филология илимдеринин доктору, профессор Гүлжамал Жаманкулова “Кыргыз жазуулары байыркыдан бүгүнкүгө” аталышындагы мазмундуу жана кызыктуу баяндамалар окулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер