КМУда эл аралык конференция өтүүдө

  • 25.09.2024
  • 0

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

КМУда эл аралык конференция өтүүдө

Эл аралык конференция “Кылым кыйыры” архивдик фото-фоно материалдардын көргөзмөсүнүн расмий ачылышы жана окуу жайдын айкелине гүл коюу аземи менен ачылды.

Конференцияга окуу жайдын илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев, Эл аралык Кувейт университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев, коомдук ишмер Нурлан Кангелди, ошондой эле профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институнун профессору Каана Айдаркул “Тарых илиминин актуалдуу көйгөйлөрү”, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Тынчболот Джуманалиев «Мамлекеттүүлүк – кыргыз коомунун бириктирүү фактору катары” жана Казакстандын Улуттук илимдер академиясынын  Ч. Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун  директорунун орун басары Шамек Тлеубаев “ХХ кылымдын башындагы казак-кыргыз интеллигенциясынын улуттук бирдиктүүлүктү сактоо жолундагы кызматы” аталышында баяндамаларын жасады.

КМУда эл аралык конференция өтүүдө

Конференция тарыхты изилдөөчүлөр үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоого жана жаңы идеяларды алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.  Иш-чаранын аягында секциялык бөлүктөр иштеп, катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.

Аталган иш-чара И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгын утурлай уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер